Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:19

Донецкиде чабуулдан кеминде 25 жай тургун мерт болгону кабарланды


Архивдик сүрөт
Архивдик сүрөт

Орус аскерлери көзөмөлдөгөн Донецкиде 21-январдын таңында артиллериялык чабуулдан кеминде 25 жай тургун мерт болгонун жергиликтүү бийлик кабарлады.

Донецк облусунун Орусия аннексиялап алган аймагынын “жетекчиси” Денис Пушилин дагы 20 киши жараат алганын, арасында эки бала бар экенин айтып, сокку үчүн украин күчтөрун айыптады. Украина окуя тууралуу комменарий берген жок.

Соңку маалыматтарды коз карандысыз булактардан тактоо мумкүн боло элек. Пушилин окуя болгон жерде куткаруу кызматтары иштеп жатканын маалымдады. Орус тарап өткөн суткаларда Украинанын Запорожье облусуна 95 жолу сокку уруп, бир киши жараат алганын облустук аскер администрациясынын башчысы Юрий Малашко билдирди.

Өткөн түнү Харьков облусуна дагы чабуул жасалган.

XS
SM
MD
LG