Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:17

Министрлик майып балдарга жөлөк пул алууда керектелген документтердин тизмесин жарыялады


Кыргызстандагы майып балдардын мекемеси. Фото архивден.
Кыргызстандагы майып балдардын мекемеси. Фото архивден.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги майып балдарга жөлөк пул алуу үчүн керек болгон документтердин тизмесин жарыялады.

Маалыматка караганда, 18 жашка чыга элек майыптыгы бар балага ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пулдарды алуу үчүн тараптар жашаган жери боюнча министрликтин башкармалыгына кайрылышы зарыл.

Жөлөкпул алуу үчүн арыз ата-энелер же баланы асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлдөчүүлөр тарабынан жазылат.

Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пулга арыз ээсинин паспорту, баланын туулгандыгы тууралуу маалымат, күбөлүк, жашаган/турган жери боюнча каттоо жөнүндө маалымат, медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын майыптыгын тастыктаган маалымат керек болот.

Министрликтин билдирүүсүндө, 2024-жылдын январына карата өлкөдө 18 жашка чейинки 37 494 бала майыптыгы боюнча жөлөк пул алышат.

2021-жылдын күз айынан бери президенттин жарлыгы менен жөлөк пул эки этап менен 100% көтөрүлүп, бүгүнкү күндө ал 8000 сомду түзөт.

2022-жылы республикада 200 миңден ашык майыптыгы бар адамдар болсо, анын 35 миңден ашыгы балдар. 2016-жылы 29,3 миң бала майып болсо, 2022-жылы алардын саны 35 миңге жеткен, бул 19% көп.

Майыптыктын эң чоң өсүшү - тубаса патология аномалиясы (32,8%), нерв системасынын оорулары (20,3%) жана психикалык бузулуулар (15,3%).

XS
SM
MD
LG