Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:42

Президент Жапаров эркин медианы колдогон гранттар "башка максатта пайданылган" деп эсептейт


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы сөз эркиндиги, медиа-коомчулукту жана көз карандысыз журналистиканы колдоо үчүн бөлүнгөн гранттык каражаттар “туура эмес багытта” колдонулуп жатканын айтты. 19-январда мамлекет башчы “Кабар” агенттигине курган маегинде өлкөдөгү көз карандысыз журналисттер, блогерлер ар кайсы эл аралык уюмдардан каржылык колдоо алып келгенин белгилеп, грант алган делген медиа мекемелерди жана журналисттерди атаган. Жапаров мындай маалыматтар кайсы булактан алынганын тактаган эмес.

“Бирок бул гранттык каражаттар максатка ылайыксыз пайдаланылып, бийликтин беделин түшүрүү, мамлекеттик саясатты жаманатты кылуу, коомчулукту дүрбөлөңгө салуу, Конституциялык түзүлүшкө каршы чыгууга үндөп, улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан анык эмес маалыматтарды таратууга жумшалып жатат”, - деген президент.

Жапаров чет өлкөлүк уюмдардан каржылык колдоо алып жүргөн журналисттердин "ашкере байыган" фактылары, бул тармакка тиешеси жок адамдарды жумушка орноштурган, "үй-бүлөлүк клан" форматын түзүп алган учурлар бар экенин айткан.

Президенттин мындай пикирине кармалган журналисттердин адвокаттары жана аталган медиа мекемелер комментарий бере элек. Эл аралык уюмдардан гранттык колдоо алып жүргөн ЖМКлар ишмердигин жана каржылык отчётторун тиешелүү мамлекеттик органдарга ачык көрсөтүп келерин белгилешет.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист, кызматкер, активист эки айга камакка алынды. Сот алар 13-мартка чейин Бишкектин тергөө абагында (СИЗО-1) отурат деген чечим чыгарды.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин милиция 16-январда кармап кеткен.

Ички иштер министрлиги алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Массалык тартипсиздиктер") 3-бөлүмү ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздиктерге чакыруу, ошондой эле жарандарды зомбулукка чакыруу") менен козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалышканын билдирген.

Кармалгандардын баары аларга коюлуп жаткан айыпка макул эместигин айтып жатышат.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкекте 24.kg кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, жабдыктарын конфискациялап, директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатканы маалым болгон, бирок атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек. Маалымат агенттигинин жетекчилери УКМКга 17-январда да сурак берип чыгышты.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары, активисттер, юристтер Кыргызстандагы соңку окуяларга камтамасын билдирүүдө. "Журналисттерди коргоо комитети" кыргыз бийлигин көз карандысыз медианы куугунтуктоону токтотууга, камалган журналисттерди бошотууга жана медиа өкүлдөрүнө каршы ачылган кылмыш иштерин жабууга чакырды. “Кыргызстандын бийлиги көз карандысыз маалымат каражаттарына чабуулун жандантып, эми 24.kg жаңылыктар сайтына жана бир катар сыйлыктарга татыган коррупцияга каршы иликтөөлөрү менен белгилүү Темиров Live долбооруна киришти. Бийликтин күмөндүү негиздер менен алардын кеңселерин тинтип, буюм-тайымдарды конфискациялаганы тууралуу маалыматтар тынчсыздантат", - деди "Азаттыкка" уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын Нью-Йорктогу координатору Гүлноза Саид.

XS
SM
MD
LG