Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:58

19-январь: “Берекеттин” ээси кармалды, үй-бүлөлүк зомбулук көбөйдү, Казакстан Жакынкы Чыгышка аскер жиберет


Бишкектеги “Берекет Гранд” соода борбору.
Бишкектеги “Берекет Гранд” соода борбору.

19-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

“Берекет” базарынын жетекчилери кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкектеги “Берекет Гранд” жана “Берекет Универсал” соода борборлорунун негиздөөчүсү Болотбек Бегалиев менен башкы директору Индира Абласова алдамчылыкка шек саналып кармалганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, тергөөдө “Берекет” жабык акционердик коомунун жетекчилери 2017-жылдан бери ижарачыларды соода комплекстериндеги коммерциялык жайларды сатып алуу жана сатуу боюнча жалган келишимдерди түзүүгө мажбурлашкан. Алардын баасынын чарчы метри 500дөн 2000 долларга чейин болгону, мындан тышкары ишкерлерди 500дөн 1000 долларга чейин көмүскө компенсация төлөөгө мажбурлашканы айтылат. Шектүүлөр атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Алардын адвокаттары менен жакындары азырынча комментарий бере элек. “Берекет Гранд” менен “Берекет Универсал” Бишкектеги ири соода борборлорунун бири.

ИИМ: үй-бүлөлүк зомбулук 32% көп катталды

2023-жылы өлкөдө 13 миң 104 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн 32,6% көп. Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы “Азаттыкка” маалымдады. Мунун ичинен 35 кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү”, 31 иш “Ден соолугуна оор залака келтирүү”, 18 иш “Ден соолукка жеңил жаракат келтирүү”, 2 иш “Этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү”, 14 иш “Уруп-сабап кыйноо” беренелери менен ачылган. Ошондой эле 82 иш “Зордуктоо” жана башка беренелер менен ачылган. Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индексинде (WPS) Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп табылган.

Зомбулукка каршы өткөн акциядагы плакат. Бишкек. 2022-жыл.
Зомбулукка каршы өткөн акциядагы плакат. Бишкек. 2022-жыл.

Kloop порталынын соту кийинкиге калды

19-январда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Kloop порталын жабуу боюнча Бишкек шаардык прокуратурасынын арызына байланыштуу соттук отурум жылдырылып, кийинки жараян 25-январга дайындалды. “Клооптун” адвокаттары кайрадан жүргүзүлгөн лингво-психологиялык экспертизанын жыйынтыктары менен тааныша электигин айтып, судьядан убакыт сурады. Сот ал өтүнүчтү канааттандырды. Бишкек шаардык прокуратурасы “Клоопту” жабуу боюнча сотко кайрылганы 2023-жылы 28-августта белгилүү болгон. Прокуратура басылманын мындай маалыматтары “эл арасында терс маанай жаратып, айрым аймактардан элди көчүп кетүүгө аргасыз кылып жатканын” жүйө келтирген. “Клооптун” башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай аракетине мурдатан даярданып келишкенин, артка чегинүү болбой турганын билдирген.

Алиянын өлүмү: медборбордун директору кызматтан алынды

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев үч жаштагы Алия Кубанычбекованын өлүмүнөн кийин Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борбордун директору, бөлүм башчысы, анестезиолог жана тиш доктур кызматтан бошотулганын билдирди. 18-январда министр Алиянын жакындарын кабыл алган. Маалыматка ылайык, бул окуядан кийин медициналык борбор жана Алиянын тишин дарылатуу үчүн ата-энеси биринчи кайрылган Dentamax жеке клиникасы жабылды. Алия былтыр 18-декабрда алты сааттык операциядан кийин чарчап калган. Апасы Айгүл Исакованын айтымында, кыздын тиштери ооруп, ириңдеп жаткандыктан, аны дарылатуу үчүн ата-энеси Бишкектеги Dentamax жеке клиникасына кайрылып, дарыгерлер операция керек экенин билдирген. Операция Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борборунун анестезиология жана реанимация бөлүмүндө жасалган.

НАТО Европада соңку 40 жылдагы эң ири машыгуусун өткөрөт

НАТОмамлекеттери Европада соңку 40 жылдагы эң ири аскердик машыгуу өткөрөт. Январдын соңунда башталып, майга чейин созулчу машыгууларга 90 миңдей аскер катышып, авиация жана аскердик кемелер тартылат. “Майтарылбас коргоочу” деп аталган иш-чара Германия, Польша жана Балтика мамлекеттеринин аймагында өткөрүлөт. 2023-жылы НАТО тарыхтагы эң ири аба машыгууларын өткөргөн. Мунун баары Орусия Украинага согуш ачкандан кийин болуп жатат. Батыштагы бир катар саясатчылар, анын ичинде АКШ президенти Жо Байден Орусия Украинадагы согушта жеңсе аскердик блокко мүчө мамлекетке да кол салышы мүмкүн деген божомолдору менен бөлүшкөн. Москва андай божомолдорду четке кагып жүрөт.

Орусия: "Ватандош" биримдигинин жетекчиси эки айга камалды

Москванын Замоскворецк райондук соту Орусиядагы өзбекстандыктардын “Ватандош” деп аталган бирикмесинин башчысы Усман Баратовду эки айга камакка алды. 18-январда Тергөө комитети Баратовго “кастыкты же жек көрүүнү козутуу” беренеси боюнча иш козгогон. Буга Баратовдун Орусияда жумуртка баасынын кескин көтөрүлүп кетишин сындаган социалдык тармактардагы посту себеп болду. Былтыр декабрда Баратов тооктун сүрөтүн коюп, “Cилерге жумуртка эмес, эч нерсе жок! Короздорду фронттон кайтаргыла” - деп жазган. Бул билдирүүгө кремлчил блогерлер көңүл буруп, Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкинге кайрылып, Баратовго кылмыш ишин козгоону талап кылышкан. Баратов тооктун сүрөтү "аскердик операциянын" катышуучуларына эч тиешеси жок экенин билдирген. Ал - Орусиянын жараны.

Казакстан Жакынкы Чыгышка бейпилдик күчтөрүн жиберүүнү чечти

Казакстандын парламентинин эки палатасы биргелешкен жыйында президент Касым-Жомарт Токаевдин Африка жана Жакынкы Чыгыштагы БУУнун бейпилдик миссияларына катыштыруу үчүн 430 аскер жиберүү сунушун колдоду. Маалыматка караганда, казак жоокерлери БУУнун Голан дөңсөөлөрүндөгү кырдаалга байкоо жүргүзгөн эл аралык миссиясына кошулат. Андан тышкары Түштүк Судандагы уюмдун миссиясына катышат. Токаевдин парламентке кайрылуусун коргоо министри Руслан Жаксылыков окуп берди. Буга чейин министр казак аскерлери Газа тилкесине да барып калышы мүмкүн экенин билдирген. Казакстан - эл аралык миссияларга аскер күчтөрүн жиберген Борбор Азиядагы жалгыз мамлекет.

XS
SM
MD
LG