Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:22

Экс-депутат Жоробаев акыйкатчынын орун басары болуп шайланды


Жаныбек Жоробаев.
Жаныбек Жоробаев.

18-январда Жогорку Кеңеш Жаныбек Жоробаевди акыйкатчынын орун басары кылып шайлады. Анын талапкерлигин омбудсмен Жамиля Жаманбаева сунуштаган.

Жаныбек Жоробаев 2023-жылдын 31-декабрда оорудан улам каза болгон Шухрат Айтиевдин кызмат ордуна келди. Көзү өткөнүнө байланыштуу анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

46 жаштагы Жаныбек Жоробаев 2020-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышында “Кыргызстан” фракциясынан төрт ай депутат болгон. 2021-жылы апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын орун басары болуп дайындалып, ошол эле жылдын ноябрында жумуштан алынган.

2022-жылы июнь айында Министрлер кабинети Жоробаев алкоголдук тармактан түшкөн салыкка байланыштуу кызматтан кеткенин билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG