Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:46

Зеленский Давосто АКШ өкүлдөрү менен жолукту


Швейцариянын Давос шаарында Дүйнөлүк экономикалык форумга катышып жаткан украин президенти Владимир Зеленский АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан менен жолукту.

Блинкендин айтымында, «Украинанын фронттогу абалы, өлкөдөгү реформалардын жүрүшү жана Орусиянын агрессиясына каршы эркиндик үчүн күрөшүп жаткан бул өлкөгө АКШнын жардамын улантуу» маселелери талкууланды.

CNBC каналына курган маегинде Кошмо Штаттардын мамкатчысы Конгрессти Украинага деп сунушталып жаткан каржылык жардамды колдоого үндөп, эгер орус президенти Владимир Путинди Украинадан токтотуп калбаса, кийин ал түз агрессиясын НАТОго мүчө өлкөлөргө да көрсөтүп, АКШны согушка түздүн-түз катышууга аргасыз кыларын айтты.

Азыр Орусия, Блинкендин айтымында, «стратегиялык жаткан утулуууда».

The New York Times Зеленский Давостогу сөзүндө Орусия менен согушту «тоңдуруп кое туруу» идеясын четке какканына, бирок чабуул коюу үчүн жаңы курал-жарак сурабаганына көңүл буруп, Батыштын бир катар ири бизнес өкүлдөрү жана саясатчылары тынчтык сүйлөшүүлөрү тууралуу теманы козгошконун белгиледи.

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадагы «жетишкендиктеринен» баш тартпай турганын, азыркы тапта орус армиясы фронтто үстөмдүк кылып жатканын, «ушундай бойдон уланса украин мамлекеттүүлүгүнө олуттуу жана кайтарылгыс сокку уруларын» айтты.

Ал эми мурдагы президент, азыр Орусиянын Коопсуздук кеңешинде Путиндин орун басары болуп турган Дмитрий Медведев Украинанын элин Орусиянын курамына кирүүгө тоскоолдук жарата турган болсо аларды өлүм күтөрүн билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG