Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:28

Журналисттердин жапырт камалышы: Медиа коомчулук бийликти диалогго чакырды


Медиа коомчулуктун жапырт камоолорго каршы жыйыны. Бишкек. 17-январь, 2024-жыл.
Медиа коомчулуктун жапырт камоолорго каршы жыйыны. Бишкек. 17-январь, 2024-жыл.

Бишкекте медиа уюмдардын өкүлдөрү жыйын куруп, журналисттердин жапырт камалып, суракка чакырылышын сынга алышты. Алар сөз эркиндигине басым жасоо, журналисттерди куугунтуктоо өлкөнүн Баш мыйзамына каршы келерин белгилешти.

Медиа коомчулук журналисттердин үйүн таң эрте тинтип, өздөрүн коркунучтуу кылмышкерлердей кармап кеткенин кескин айыпташты. Медиа-эксперт Тамара Валиева бийликти журналисттерди ишмердигине байланыштуу кысымга алууну токтотууга, медиа коомчулук менен диалог жүргүзүүгө чакырды.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкекте 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, техникасын алып кетип, директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатат. Атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек.

16-январдын таңында Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын журналисттеринин үйүндө тинтүү жүргүздү.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирди.

Шектүү катары 11 адам кармалды. Алар: “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкерлери Сапар Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана “ПолитКлиникада” иштеген Тыныстан Асыпбеков.

Болот Темиров “Азаттыкка” курган маегинде акыркы окуяларды анын командасынын журналисттик ишмердигине байланыштырды.

Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.(TSh/ZKo)

XS
SM
MD
LG