Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Эл артисти Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеси өтөт


Элмирбек Иманалиев.
Элмирбек Иманалиев.

Бүгүн, 17-январда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын, обончу Элмирбек Иманалиевдин туулган күнүнө карата “Төкмө келсе төр бошот” долбоорунун алкагында эскерүү кечеси өтөт. Ага Иманалиевдин шакирттери жана сахналаштары катышат.

Ушул эле күнү Улуттук “Манас” театрынын өнөрпоздорунун катышуусунда Түркиянын Анталья шаарында “Эл булбулун эскерүү” жана Казакстандын Кызылордо шаарында “Эгиз элдин Элмирбеги” деп аталган айтыш болот.

Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган.

Айтыш өнөрүнө 1993-жылдан тартып аралаша баштаган. Эл аралык жана республикалык деңгээлде өткөн бир нече айтыштардын баш байгелеринин ээси болгон.

Акын 2020-жылы 20-апрелде 42 жашында оорудан улам мезгилсиз өмүрдөн өткөн.

Акындын көзү өткөндөн кийин жакындарынын демөөрчүлүгү менен “Аманат” жана “Ак таңдагы ак бата” деген китептери жарык көргөн. 2023-жылы "Аманатты" казак акыны Айбек Калиев которуп, казак тилинде басылып чыккан. Ал эми анын туулган күнүнө карата уюштурулган эскерүү концерти 3 жылдан бери өтүп келет. (MZh)

XS
SM
MD
LG