Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:45

Польшанын мурдагы ички иштер министри президенттик сарайда кармалды


Польшанын мурдагы ички иштер министри Мариуш Каминьский парламентте. Архивдеги сүрөт.
Польшанын мурдагы ички иштер министри Мариуш Каминьский парламентте. Архивдеги сүрөт.

Польшанын мурдагы ички иштер министри Мариуш Каминьский менен анын орун басары Мацей Вонсик 9-январдын кечинде президенттик сарайда кармалды. Аларды Польшанын президенти Анджей Дуда чакырган.

Маалыматка караганда, сот Каминьский менен Вонсикти 2007-жылы кызматынан кыянатчылык менен пайдаланган деген айып боюнча камоо чечимин чыгарган.

Дуда аларга 2015-жылы ырайым берген. Анткен менен сот былтыр декабрда президенттин чечимин жокко чыгарып, Ички иштер министрлигинин мурдагы жетекчилерин эки жылга эркинен ажыратууну өкүм кылган.

Каминьский менен Вонсик экөө тең 2023-жылдын октябрь айында өткөн шайлоодо “Укук жана адилеттик” партиясынан парламентке депутат болушкан.

Президенттин катчылыгы тараткан билдирүүдө “Польша мамлекетинин, президент ырайым бергендердин беделине шек келтирилгени” белгиленген.

Ал эми Польшанын өкмөт башчысы Дональд Туск президент өз сарайында кылмышкерлерди жашыруу менен сот адилеттүүлүгүнө тоскоолдук жаратып жатканын билдирди.

Каминьский менен Вонсиктин кармалышына нааразылык билдирип, 10-январда 300дөй киши президенттик сарайдын алдына жана полиция башкармалагынын алдына чыгышты. Аларга “Укук жана адилеттик” партиясынын депутаттары дагы кошулду.

Камалгандан кийин Каминьский ачкачылык жарыялаганы маалым болду.

Өткөн жылдын соңунда бийликте 15 жылдан бери отурган "Адилеттик жана укук" партиясы өкмөттөн кетип, Дональд Туск башында турган оппозициялык кыймыл келген.

XS
SM
MD
LG