Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:21

Жунусбеков Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин директорлугунан кетти


Төрөхан Жунусбеков.
Төрөхан Жунусбеков.

Төрөхан Жунусбеков Бишкек шаардык Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин директорлугунан кетти. Бул маалыматты 10-январда “Азаттыкка” Төрөхан Жунусбеков өзү ырастап, бул кызматтагы келишими 2023-жылдын 31-декабрында аяктаганын билдирди. Маалымат боюнча, келишим жыл сайын узартылат же токтотулат.

Ал Бишкек шаардык Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин директору болуп 2022-жылы март айында дайындалган.

2023-жылы Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Кадырбек Атамбаев менен “Бишкек 24” сайтын “моралдык зыян келтирди” деп сотко берип, ошол эле жылдын июнь айында Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан утуп алган. Сот Атамбаев жана маалымат агенттиги Жунусбековдун “ар-намысына шек келтирген жана чындыкка дал келбеген маалыматтарды тараткан” деп таап, 30 миң сомдон төлөп берүүнү милдеттендирген.

Төрөхан Жунусбеков 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин Бишкек шаарын башкара турганын жарыялаган, кийин мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Балбак Түлөбаевди колдогон. Андан кийин “Мегаком” компаниясынын жетекчисинин кеңешчиси болуп дайындалган.

Төрөхан Жунусбеков 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого “Мекенчил” партиясынын тизмеси менен катышкан. 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо №21 Талас округунан депутаттыкка талапкерлигин койгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG