Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:52

Москвада сот тажикстандык блогерди камоодон баш тартты


Тажикстандык блогер Салман Жумабой.
Тажикстандык блогер Салман Жумабой.

Москванын Симоновский соту тажикстандык блогер Салман Жумабойду камоодон баш тартты. Бул тууралуу соттун маалымат кызматы 9-январда билдирди.

Орусияда тажикстандык блогерге өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинин «Жек көрүүчүлүктү же кастыкты козутуу, адамдык кадыр-баркты кемсинтүү» деген берене менен иш козголуп, ал 7-январда камалган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, блогер «орус улутундагы адамдар тобуна карата кастык маанайда славян жүздүү кыздардын адамдык кадыр-баркын кемсинткен» деп айыпталууда.

SHOT телеграм-каналы жазгандай, блогер социалдык тармактарга жарыялаган видеолордун биринде “орус кыздардын баары жакында биздики болот” деп айткан.

Жумабой 2023-жылдын 9-декабрында жарыяланган видеодогу үн аныкы эместигин, эч качан эч кимге жамандык каалабай турганын жана улут аралык кастыкка чакырбаганын айтууда.

Тажикстандык блогерге карата тергөө иштери уланат.

Буга чейин Орусиянын Тергөө комитети улут аралык кастыкты козуткан деген кине менен кыргызстандык Ислам Закиров жана тажикстандык Шерафган Шарипов деген эки рэп аткаруучуга каршы кылмыш ишин козгогон эле.

Кийин 19 жаштагы Ислам Закиров кечирим сураганына карабай кармалганы маалым болгон.

XS
SM
MD
LG