Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:27

Стамбулда өзбекстандык диний ишмер кармалды


Azon Global порталынын негиздөөчүсү, Мубашшир Ахмад деген ысым менен таанымал Алишер Турсунов.
Azon Global порталынын негиздөөчүсү, Мубашшир Ахмад деген ысым менен таанымал Алишер Турсунов.

Өзбекстандагы диний багыттагы материалдарды чыгарып келген белгилүү Azon Global порталынын негиздөөчүсү, Мубашшир Ахмад деген ысым менен таанымал Алишер Турсунов Түркияда кармалды. Бул тууралуу Azon Global 9-январда кабарлады.

“Адегенде ачык жарыяланган эмес эле, анткени биз кандайдыр бир түшүнбөстүк болгон деп ойлогонбуз. Мубашшир Ахмадга тагылып жаткан айыптар негизсиз экенине терең ишенип, анын бошотуларына үмүттөнгөнбүз. Тилекке каршы, кырдаал башкача болуп кетти”, - деп жазылат порталда.

Түркиянын мыйзамдарына ылайык, шектүү камакта үч суткадан ашык кармалбайт. Эгер ага тагылып жаткан айыптар далилденсе, иш Юстиция министрлигине өткөрүлөт. Ал эми чет өлкөлүктөрдү депортациялашат. Азырынча Турсуновго кандай кине коюлуп жатканы белгисиз.

Былтыр августта Azon.uz медиа тобу күтүүсүздөн сайтын жаап, онлайн-телерадиоканалын токтотуп, себебин түшүндүрбөстөн социалдык тармактардагы бардык баракчаларын өчүрүп салган.

Анда Мубашшир Ахмад Фейсбуктагы баракчасына себеби кийин түшүндүрүлөрүн гана жазып, чоо-жайын ачык айткан эмес.

Айына 400-500 миң адам кирген Azon.uz сайтынын күтүүсүздөн жабылышын Өзбекстандагы маалымат каражаттары жана диний ишмерлер сынга алышкан. Алар медиатоп бийликтин кысымынан улам ушундай кадамга барышы мүмкүн экенин кыйытышкан.

Расмий Ташкент "Азаттык" радиосунун өзбек кызматынын Azon.uz. сайтынын жабылышы тууралуу суроосуна жооп берген эмес.

Өзбекстанда интернетке диний контентти жарыялоо үчүн сөзсүз уруксат алуу керек.

XS
SM
MD
LG