Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:33

Аба ырайы: айрым жерлерде жаан жаайт


Бишкек.
Бишкек.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 11-январда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда, Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында кар жаашы мүмкүн. Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күңдүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 4…9,

Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8,

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…-7,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -14…-19, күндүз 0…-5 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 7…9° болот.

XS
SM
MD
LG