Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:00

Ноокат жана Ноокен райондорунда каржылык мыйзам бузуулар аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эсеп палатасы Оштун Ноокат районунда жергиликтүү бюджетте 23 миллион сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталганын маалымдады.

8-январда таратылган кабарга ылайык, бул мыйзам бузуу 2022-жылдагы бюджеттин сарпталышына жүргүзүлгөн ауидиттин жыйынтыгында аныкталган. Мекеменин сайтындагы кабарда райондун жергиликтүү бюджетин бөлүштүрүүдө алешемдиктер болгон, эмгек акыларды ашыкча көрсөтүү, сатып алынган товарлардын так эместиги жана тастыктоочу документтердин жоктугу такталган.

Эсеп палатасы ушул сыяктуу себептерден улам Жалал-Абаддын Ноокен районунда да 8 миллион 975 миң сомдон ашык каржылык бузуу аныкталганын билдирди.

Мурдараак аталган мекеме Таластын Манас районунда бюджеттин 3 миллионго сомго жакын каражаты мыйзамсыз коротулганы маалымдалган.

Нарындын Ак-Талаа районунда 2021-жылдын бюджетинен 20 миллион сомдон көбүрөөк каражатты коротууда мыйзам бузуу аныкталганы 2023-жылдын декабрында ачыкка чыккан.

Аудиттин жыйынтыгында такталган мыйзам бузууларды тиешелүү органдар териштирет. (SE)

XS
SM
MD
LG