Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:37

Москвада тажикстандык блогерге иш козголду


Салман Жумабой.
Салман Жумабой.

Орусияда тажикстандык блогерге өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинин «Жек көрүүчүлүктү же кастыкты козутуу, адамдык кадыр-баркты кемсинтүү» деген берене менен иш козголду. Бул тууралуу 7-январда Орусиянын Тергөө комитети билдирди.

Блогерди Москвадан кармап кетишкен. Тергөөнүн маалыматына караганда, ал «орус улутундагы адамдар тобуна карата кастык маанайда славян жүздүү кыздардын адамдык кадыр-баркын кемсинткен» деп айыпталууда.

Социалдык түйүндөрдөгү маалыматтарга караганда, кеп блогер Салмон Жумабой жөнүндө болууда, өткөн айда интернетке «жакында орус кыздардын баары биздики болот» деп айтып жаткан видео тараган.

Блогер өзү видеодогу үн аныкы эместигин, эч качан эч кимге жамандык каалабай турганын жана улут аралык кастыкка үндөбөгөнүн айтууда.

Эгер коюлуп жаткан айыпты сот негиздүү деп тапса, блогер алты жылга чейинки мөөнөткө түрмөгө кесилиши ыктымал.

Тергөөчүлөр блогердин башка да видеолорун текшерип жатышканын, андагы башка адамдарга да укуктук баа берилерин билдиришти. (RK)

XS
SM
MD
LG