Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

Пакистанда шал оорусуна каршы эмдөө жүргүзгөн топко кол салуу болду


Пакистан. Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Пакистан. Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Пакистанда шал оорусуна каршы эмдөө жүргүзүп жүргөн адистер тобун кайтарган полиция машинасына жасалган чабуулдан кеминде беш күч кызматкери набыт кетти, жыйырмадан ашуун адам жараат алды. Окуя 8-январда өлкөнүн түндүк-батышындагы Бажаур аймагында болгонун, жолдун боюна коюлган бомба жарылганын «Машаал» радиосу билдирди.

Кол салууга жоопкерчиликти «Техрик-е Талибан Пакистан» (ТТП) тобу өзүнө алды.

Бажаур аймагынын кол салуу болгон Мамунд району Ооганстандын Пакистан менен чек арасындагы Кунар провинциясына чектеш жердеги Хайбер-Пахтунхва провинциясында жайгашкан.

ТТП ооган талибдеринен тышкары топ, буга чейин Мамунд районунда анын согушкерлери жайгашчу.

Кол салуудан жараат алгандардын арасынан 10 кишинин абалы оор экени, бул аймакта эмдөө иши убактылуу токтотулганы, вакцина тараткан адистер коопсуз жерге жеткирилгени кабарланды.

Ислам динине жамынган экстремисттер «Шал оорусуна каршы эмдөө мусулман балдарын тукумсуз кылат» деген шылтоо менен эмдөө өнөктүгүнө бут тоскон, дарыгерлерге жана ыктыярчыларга кол салып, жардырып, өлтүргөн окуялар бул өлкөдө көп катталат.

Пакистан менен Ооганстан — дүйнөдө шал оорусу толук жоюла элек жалгыз эки өлкө. (RK)

XS
SM
MD
LG