Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:57

"Каржы пирамидасы": казак жараны Бишкекте кармалды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 8-январда Казакстанда алдамчылыкка шек саналып, издөө жарыяланган жаран Бишкекте кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Алматынын тургуну сырткы видеобайкоо камераларынын жардамында колго түшкөн.

Кармалган киши каржы пирамида схемасын түзгөн жана аны жетектеген деп айыпталып, издөөдө жүргөн Адилет Ораз экенин казакстандык басылмалар жазып чыкты.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, "Каржы пирамидасын түзүү жана жетектөө" беренеси менен издөөдө жүргөн казакстандык жаран былтыр декабрда Бишкектеги сырткы видеобайкоо камераларына түшүп калган.

"Казакстанда 2021-жылы апрель айында жабыркаган аманатчылар үч компаниянын ишмердиги боюнча полицияга арыз менен кайрылып, аларды "каржы пирамидасын түзгөн" деп айыпташкан. Бул компаниялар өздөрүн инвестиция тармагындагы ийгиликтүү уюм катары көрсөтүшкөн. Жогорудагы кармалган жаран О.А. да каржы пирамидасын түзүүгө жана иштетүүгө шектелген. Бул "долбоордун" жетекчилери кармала баштаганда, ал изин жашырууга үлгүргөн", - деп билдирди Ички иштер министрлиги.

Алдамчылыкка шек саналып кармалган казак жараны. Кыргызстандын ИИМи тараткан сүрөт.
Алдамчылыкка шек саналып кармалган казак жараны. Кыргызстандын ИИМи тараткан сүрөт.

Кыргыз милициясы кармаган шектүүнүн үстүнөн казак полициясына 2021-жылы жамааттык арыз түшкөн. Баштапкы маалыматтарга караганда, ал Казакстандан качып кеткени айтылат.

Учурда Бишкекте милициянын убактылуу кармоочу жайында отурат.

"Бишкекте кармалган Адилет Ораз"

Коңшу өлкөнүн КазТАГ агенттиги кармалган О.А. чуулгандуу Mudarabah capital компаниясынын ишине байланышы бар экенин жазды. Кийин бул маалыматты BES.media Телеграм-каналы да тастыктап, эл аралык издөөдө жүргөн шектүүнүн аты Адилет Ораз экенин, анын маалыматтары Алматы полициясынын Издөө порталында бар экенин кабарлады.

38 жаштагы Ораз 2021-жылдын 12-ноябрынан бери издөөдө жүргөн.

Ал тууралуу интернетте маалымат дээрлик жок. Tengrinews сайты 2020-жылы Адилет Ораз Алматыга жакын жерде желим иштетүүчү чакан ишкана ачканын, ал айына 60 тонна полиэтилен гранул чыгарарын жазган.

2022-жылы Mudarabah Capital компаниясынын иши боюнча блогерлер Мейржан Туребаев жана Мейирхан Шерниязов да кармалган.

Мейржан Туребаев.
Мейржан Туребаев.

Каржы пирамидасына акча салып, алданып калган жабырлануучулар эки таанымал блогерди "алдамчыларды жарнама кылганы" үчүн жоопко тартууну талап кылган.

Инстаграмда үч миллиондон ашык катталуучусу бар Туребаев камакка алынардан мурун видео тартып, анда ал "өзү дагы жабырлануучу" экенин жана "компаниянын ишмердигинен эч кандай пайда албаганын" айткан.

Алматынын Алмалы райондук соту вайнерлерди жеңил жаза менен беш жылга абакка кескен. Ал эми Mudarabaн Capital компаниясынын 10 кызматкерин 8 жылдан 17 жылга чейин эркинен ажыраткан.

Казак бийлиги блогерлерден салык алат

2022-жылы Казакстанда каржы пирамидасын түзүү үчүн жоопкерчилик күчөтүлүп, аларды жарнамалоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилген. Ал эми былтыр жайында президент Касым-Жомарт Токаев "Онлайн-платформалар жана онлайн-жарнак маселелери жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Жаңы мыйзамга ылайык, Маалымат жана социалдык өнүктүрүү министрлиги онлайн платформаларга мониторинг жүргүзөт.

2023-жылы май айында Казакстандын Финансылык мониторинг боюнча агенттиги "каржы пирамидасы катары иш алып барган" деп шек саналган, ошондой эле соттун өкүмү чыккан компаниялардын кеңейтилген тизмесин жарыялаган. Анда агенттик 22 каржы пирамидасын аныктап, дээрлик төрт миң сайтты бөгөттөгөн.

Коңшу өлкөнүн бийлиги aталган мыйзам онлайн платформаларга жана онлайн жарнактарга көзөмөл жүргүзүп, блогерлер менен таасирдүү адамдардын жарнамадан тапкан “көмүскө кирешесин” ачыкка чыгарып, интернеттеги контентти жөнгө салат деп ишенет.

Kаржы пирамидасын жарнама кылгандарды жоопко тартуу долбоору

Ал эми Кыргызстандагы жагдайга келсек, Жогорку Кеңеш былтыр 5-апрелдеги жыйынында Кыргызстанда каржы пирамидасын жарнама кылган адамдарды жоопко тартуу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоп, президенттин кароосуна жөнөткөн.

Мыйзам долбооруна ылайык, мыйзамсыз финансы пирамидасын жарнама кылгандарга 150 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пул салынат же үч жылдан беш жылга чейин абакка кесилет.

Кыргызстанда белгилүү эстрада ырчылары, диний аалымдар, блогерлер жана тамада, алып баруучулар каржы пирамидасын жарнамалаган учурлар кездешет.

Каржы пирамидаларына акчасын алдатып, сызга отуруп калгандар да көп. Башкы прокурор Курманкул Зулушев парламентте сүйлөп жатып, акыркы жылдары өлкөдө каржы пирамидасы гүлдөп, 2021-жылы 3 миңдей адам түрдүү каржы пирамидалардан 400 млн сомдой чыгым тартышканын белгилеген.

2023-жылдын үч айында Кыргызстанда “каржы пирамидасын” уюштуруу фактыларына байланыштуу 54 кылмыш иши козголгон. Ички иштер министрлигинин маалыматында, былтыркы жылдан калган дагы 153 ишти тергөө уланган. ИИМ билдиргендей, 2022-жылы бир жыл ичинде жалпысынан 1052 кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп, анын 765и сотко жөнөтүлгөн, 129у кыскартылган, төртөө жоопко тартыла тургандар аныкталбаганына байланыштуу токтотулган.

Тармактык маркетинг түшүнүгү 1945-жылы АКШда ишкер Ли Майтингер менен Уильям Кэсселбери Nutrilite Products компаниясынын улуттук таркатуучусу болуп дайындалгандан кийин жайыла башталган.

Бизнестин бул түрү Орусияга 1990-жылдары келип, андан Кыргызстанга да жеткен. Түштүк Корея, Кытай жана АКШда маркетингдин мындай түрүн чектеген айрым мыйзамдар бар.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG