Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:31

АКШ Конгресси бюджет боюнча мунасага келди


Капитолий.
Капитолий.

АКШ Конгрессинде быйылкы жылдын федералдык бюджети макулдашуудан өттү. Бул тууралуу өлкө президенти Жо Байдендин 7-январдагы билдирүүсүндө айтылды.

Ак үйдүн сайтына жарыяланган билдирүүдө маалымдалгандай, быйылкы жылдын бюджети 1,6 триллион доллар болот жана бул “АКШны шатдаундан сактап калууга, улуттук артыкчылыктарды коргоого жакындатат”.

"Келишимде каржылоонун мен буга чейин эки партия менен тең макулдаша алган деңгээли чагылдырылды", – деди Байден.

Мунаса табылганын Конгресстин Өкүлдөр палатасынын спикери, республикачы Майк Жонсон жана Конгресстин Сенатында көпчүлүктү түзгөн демократтардын лидери Чак Шумер да тастыкташты.

2024-каржылык жылдын чыгымдарынын жалпы суммасы 1,59 триллион доллар болору аныкталды, анын рекорддук деп бааланып жаткан 886 миллиарды коргонуу тармагына, ал эми калган 704 миллиарды коргонууга байланышпаган чыгымдарга жумшалат.

АКШда каржылык жыл октябрь айынан тартып башталат. 2023-жылдын ноябрында федералдык өкмөттүн ишин убактылуу каржылай туруу мыйзамы кабыл алынган. Анда Байден Израилге, Украинага жана Тайванга сурап жаткан 106 миллиард доллар (анын 61 миллиарды Украинага) каралган эмес.

Бул аптада Конгресс кышкы каникулдан кайтып, ишке киришет. Негизги карала турган маселе – мамлекеттик карыздын чегин талкуулоо. Конгресс бул маселе 19-январга жана 2-февралга чейин чечилиши керек деген чек койгон.

Конгресстеги республикачылардын жана демократтардын бюджет боюнча башкы тиреши Мексика менен чек ара маселесине байланыштуу болгон. Республикачылар Ак үй миграциялык саясатын катуулатышы керек деп эсептешет. Алардын пикиринде, Украинага жаңы каржылык жардам АКШнын иммиграция жана бул өлкөнүн аймагынан баш калка берүү саясаты жаатындагы масштабдуу реформасы менен бирге ишке ашуусу зарыл. (RK)

XS
SM
MD
LG