Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:35

Тажикстандагы сөз эркиндигинин абалы эң начар деп бааланды


Эмомали Рахмон.
Эмомали Рахмон.

Тажикстанда сөз эркиндигинин абалы эң начар деп бааланып жатканын "Журналисттерди коргоо комитети" (The Committee to Protect Journalists - CPJ) эл аралык уюму билдирди. Уюмдун 4-январда жарыяланган баяндамасында буга өлкө эгемендик алган, жарандык согуш аяктаган 1990-жылдардан бери президент Эмомали Рахмондун бийлиги жүргүзгөн «абсолюттук, башкача ойлонгондорду кабыл алгысы келбеген» саясат себеп экени белгиленди.

2022-2023-жылдары жети журналист узак жылга абакка кесилгени, аларга коюлган айыптар канчалык негиздүү экени суроо жаратары, тажик өкмөтү жалпыга маалымдоо каражаттарына карата репрессиялык мамилеге өткөнү айтылды.

«Рахмон саясий оппоненттерин, укук коргоочуларды жана көз каранды эмес пикирлерди кысымга алып, бийликти өз колуна топтоштурууга аракет кылууда. Он жылдан ашыгыраак убакыт мурда Тажикстандын медиасы салыштырмалуу ар түрдүү болчу жана айрым сын көз караштарга жол берилчү. Азыр өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары согуш жылдарынан бери эң начар абалда», - деп билдирди уюм.

2022-2023-жылдары журналисттер Абдулло Гурбати, Завкибек Сайдамини, Абдусаттор Пирмухаммадзода жана Хуршед Фозилов 7-7,5 жылга, Хушом Гулям сегиз, Далер Имомали 10 жана Улфатхоним Мамадшоева 20 жылга абакка кесилишти. (RK)

XS
SM
MD
LG