Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:40

ТИМ: Жапониядагы зилзалада кыргызстандыктар жабыркаган жок


Жапония.
Жапония.

Жапонияда катталган жер титирөөдөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргызстандын Жапониядагы элчилигине шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогуна жакын Тояма шаарында жүргөн кыргызстандык беш жаран баш калкалоочу жайларга эвакуацияланган.

Учурда ТИМ жана Жапониядагы элчилик кырдаалга мониторинг жүргүзүп, Кыргызстандын ал жакта жашап жаткан жарандары менен байланышып турарын маалымдап, зарылчылык болгон учурда элчиликке +819063787231 ыкчам телефону аркылуу кайрылууга чакырды.

1-январь күнү Жапониянын Исикава префектурасында күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө болду. Жер бир нече жолу силкинип, миңдеген имарат, он миңдеген үй, унаа каражаттары, кайыктар талкаланды.

Кырсык болгон аймакта миң аскер кызмактери куткаруучуларга жардам берип жатышат. 100 миңдей адам эвакуацияланды.

Аймакта жайгашкан бир нече атомдук электр станциясы кадимки тартипте иштеп жатканы кабарланды.

Жапон өкмөтү апта ичинде жер дагы титиреп, күчү 7 баллга жетиши ыктымал экенин эскертип, кооптуу аймактарда жашаган элди этият болууга чакырды.

АКШ президенти Жо Байден Ак үй "жапон элине кандай жардам керек болсо, баарын берүүгө даяр экенин" билдирди. Жардамын Улуу Британия да сунуш кылды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG