Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:30

Президент Жапаров Камбар-Ата 1 ГЭСинин курулушу жанданарын айтты


Президент Садыр Жапаровдун УТРКдан көрсөтүлгөн куттуктоосу Чүйдүн Орловка лыжа базасында тартылган.

Президент өткөн жылы Кыргызстанда өнүүгө бет алган окуялар көп болгонун белгилеп, өлкөнүн ички дүң продукциянын көлөмү 1 триллион сомдон ашканын, ири инвестициялык жана инфрастуралык долбоорлор башталганын, салык жана бажы төлөмдөр көбөйгөнүн жана коррупцияга каршы күрөш күчөгөнүн айтты.

“Жүздөгөн мектеп, ондогон бала бакчалардын салынышы, ички жолдордун асфальтталышы, инфратүзүмдүк объектилердин курулуштарына баарыңыздар күбө болуп келесиздер. Мындан сырткары, ири инвестициялык долбоорлорго старт берилди. Алардын үзүрүн жакынкы келечекте көрө баштайбыз”.

Садыр Жапаров 2024-жылы Камбар-Ата 1 ГЭСинин курулушу жанданарын, ага Казакстан жана Өзбекстан кошуларын, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча аракеттер көрүлөрүн жана күздөн тарта пенсия көбөйөрүн билдирди.

Мындан сырткары Бишкектин көйгөйлөрүн чечүү убадасы айтылды.

XS
SM
MD
LG