Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койду.
30-декабрда чыккан документке ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгү ирилештирилип, жаңы аталыштарга ээ болгон.
Баткен облусунун Баткен, Лейлек райондорунда жана Баткен, Сүлүктү шаарларында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо аяктаганга чейин токтотулуп турат.
Буга чейин, 2023-жылы Ысык-Көл облусунун Түп району менен Нарын облусунун аймагында административдик-аймактык реформанын пилоттук долбоору ишке ашырылган.
Президенттин жарлыгында ошол пилоттук долбоордун оң натыйжаларын бүткүл өлкөнүн масштабына жайылтуу максаты белгиленген.
Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айыл аймактарынын жана шаарларынын, Бишкек жана Ош шаарларынын деңгээлинде 2024-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүү тапшырылган. Ал төмөнкү таблицага ылайык жасалат.
Айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча жол картасы бекитилди.
Мындан тышкары уюштуруу, укуктук талааны түзүү, финансылык, кадрдык жана техникалык камсыздоого байланыштуу бир катар тапшырмалар берилген.
Кыргыз Республикасынын учурдагы административдик-аймактык түзүлүшү башкаруунун төрт деңгээлдүү системасына негизделген: республикалык, облустук, райондук жана айыл аймактары менен шаарлар. Өлкөнүн административдик-аймактык бирдиктери 7 облустан, 40 райондон, 32 шаардан, анын ичинде эки республикалык маанидеги шаардан жана 452 айыл аймагынан турат.
Республика боюнча 452 айыл аймагынан 62 айыл аймагы бирден гана айылдан турат, аларда калктын саны 148ден 10 870 адамга чейин жетет. Ошол эле учурда өлкөнүн айрым райондорунда курамына он жана андан ашык айыл кирген айыл аймактары бар. (KbA)