Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:25

Азербайжанда дагы бир журналист кармалды


Азербайжандагы журналист Шамо Эминов.
Азербайжандагы журналист Шамо Эминов.

Азербайжан бийлиги “Канал 13” көз карандысыз онлайн-телеканалы менен кызматташып келген Шамо Эминовду 22-декабрда аткезчиликке айыптап кармаганы маалым болду. Журналист өзү жана анын тарапташтары ага тагылган дооматты четке кагып, ойдон токулганын айтышууда.

Эминовдун жубайы Дүрдана 28-декабрда “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдиргендей, Бакудагы сот эки күн мурда анын бөгөт чарасын карап, үч айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Эминов соңку жумаларда камакка алынган “Канал 13кө" байланышы бар алгачкы журналист эмес. Аталган телеканалдын редактору Теймур Каримов "опузалап акча талап кылууга" айыпталып, 12-декабрда камалган.

2-декабрда Бакунун полициясы ушул эле каналдын алып баруучусу Руфат Мурадлини кармап, "майда бейбаштык жана полицияга баш ийбестикке" айыптап 30 суткага камаган.

Каналдын дагы бир редактору Азиз Оручев ноябрь айынын соңунда "мыйзамсыз үй курууга" айыпталып кармалган. Кийин ага аткезчилик боюнча кошумча айып тагылган.

Көп өтпөй “Абзас Медиа” көз карандысыз иликтөөлөр сайтынын төрт журналисти жана редактору — Ульви Гасанлы, Севинч Вагифкизи, Махаммад Кекалов жана Наргиз Абсаламова — аталган медианын кеңсесинен 40 миң евро накталай аныкталгандан кийин кармалышкан. Алардын баарына "чет элдик валютанын мыйзамсыз аткезчилигине" байланыштуу айып тагылган.

Журналисттер аткаминерлердин арасындагы жемкорлук боюнча иликтөөдөн кийин бийлик өч алып жатканын айтышууда.

Amnesty International, Human Rights Watch (HRW) жана “Чек арасыз кабарчылар” уюму Азербайжандын бийлигинен журналисттерди токтоосуз бошотуп, аларга тагылган айыптарды алып салууну талап кылышты.

XS
SM
MD
LG