Коңшу Өзбекстан 2024-жылы сууну үнөмдөө боюнча өзгөчө режимге өтөрү белгилүү болду. Президент Шавкат Мирзиёев аткаминерлерге "каналдарды бетондоо" тапшырмасын берди.
Буга коңшу өлкөдө сугат суунун жылдан-жылга азайып баратканы себеп болгону айтылууда.
"Суу чарба тармагына жылына 1 миллиард доллар бөлүнөт"
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 29-ноябрда Өзбекстандын суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана анын коромжусун азайтуу чаралары боюнча жыйын өткөрдү. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, буга суу ресурстарынын жылдан жылга азайып баратканы себеп болууда.
Жыйында Мирзиёев суунун 20% гана Өзбекстанда пайда болуп, калганы коңшу мамлекеттерден агылып келерин белгиледи. Ал өлкөдөгү таңкыстыкка карабай суу сарамжалсыз колдонулуп жатканын айтты.
Президент Өзбекстандагы жалпы суу ресурстарынын 90% айыл чарбасына жумшалаарын, жылына бир гектар пахтаны сугарууга 10-11 миң куб суу сарпталарын белгиледи.
"Суу чарба тармагына жылына орто эсеп менен 1 миллиард доллар бөлүнөт. Бул тармак бюджеттен каражат алууда билим берүү, саламаттык сактоо жана айыл чарбадан кийинки 4-орунда турат. Бирок системада эсептөө туура жүргүзүлбөгөндүктөн, суу ресурстарын башкаруудагы эски ыкмалар сакталып, натыйжалуулугу төмөн бойдон калууда", - деди Мирзиёев.
"Каналдарды бетондоо" жылы
Климаттын өзгөрүшү менен Өзбекстанда акыркы үч жылда суунун көлөмү 20% кыскарган. Трансчек арадагы дарыяларды башкаруу боюнча абал оор бойдон калууда. Мирзиёев божомолдор боюнча 2030-жылга чейин Өзбекстанда суунун тартыштыгы 15 миллиард куб метрге жетиши мүмкүн экенин эскертти.
Расмий статистикага ылайык, коңшу Өзбекстандын экономикасы сууну үнөмсүз колдонуудан жылына 5 миллиард доллар кол жууйт. Мындан улам өзбек президенти бир жыл ичинде тийиштүү тармактар сууну үнөмдөөнүн авариялык системасына өтөөрүн белгиледи. Анын айтымында, мында биринчи кезектеги милдет каналдарды жана арыктарды бетондоо болуп саналат.
Маалыматка караганда, эң көп суу жоготуу Каракалпакстан Республикасында, Наманган, Навои, Хорезм жана Бухара облустарында катталат. Каналдардын аягында жайгашкан айдоо аянттарын сугат суусу менен камсыз кылуу өтө оор абалда.
Буга байланыштуу суу чарбачылыгында "каналдарды бетондоо боюнча эпкиндүү жыл" жарыяланып, кийинки жылы 1 500 чакырым каналды (быйылкыга салыштырмалуу 4 эсе көп) бетондоо милдети коюлду. 2025-жылы бери дегенде эле 2 миң чакырым каналды бетондоо пландалууда.
Мирзиёев катышкан жыйында сууну үндөмдөө боюнча Түркиянын, Испаниянын жана Кытайдын тажрыйбаларын изилдөө, аны Өзбекстанда колдонуу маанилүү экени да белгиленди.
Сууну үнөмдөө технологияларын киргизүүнү каалаган дыйканчылык чарбалар үчүн эки жылдык жеңилдетилген шарт менен беш жылдык мөөнөткө насыялар бериле баштайт.
Быйыл Ооганстанда талибдердин өкмөтү кура баштаган Кош-Төбө каналы да Өзбекстанда тынчсыздануу жараткан.
Ооганстанда Кош-Төбө каналынын курулушу жүрүп жатканы быйыл мартта белгилүү болгон. План боюнча анын узундугу 285 чакырым, туурасы 100 метр, ал эми тереңдиги 8,5 метрди түзөт. Талибдердин эсебинде, беш жылда курулуп бүтчү бул канал Ооганстандын түндүгүндөгү үч районду суу менен камсыздашы керек.
Кош-Төбө каналы курулуп бүтсө, Борбор Азиядагы эң ири Аму-Дарыядагы суунун үчтөн бир бөлүгү Ооганстандын түндүк аймактарына бурулуп, Өзбекстанда суу таңкыстыгы жаралары айтылууда. Талибдер каналдын курулушун токтотуудан баш тартышкан.
Мындан улам Ташкент каналдын курулушундагы алешимдиктерге жол бербөө үчүн талибдерге бул жаатта кызматташууну сунуштаган.
Кыргызстандагы суу ресурстарын коргоо аракети
Быйыл Борбор Азияда кургакчылык болуп, сугат суунун тартыштыгы Кыргызстан, Казакстандын айрым аймактарына кесепетин тийгизди.
Кыргызстан август айынын башында Киров суу сактагычындагы суунун аз болгондугуна байланыштуу Казакстанга суу берүүнү убактылуу токтоткон. Коңшу өлкөгө Киров жана Орто-Токой суу сактагычтарынан суу берген Кыргызстан бардык милдеттенмелерин аткарганын белгилеген. Быйыл бул эки суу сактагычта тең суунун көлөмү эң төмөнкү чекке түштү.
Ошол эле учурда кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетте жүк ташуучулардын узун кезеги пайда болуп, маселе бир нече күн чечилбей турду. Айрым серепчилер муну суу дипломатиясына байласа, эки өлкөнүн расмий органдары ал версияны четке каккан.
Учурда чөлкөмдө суу каатчылыгы курч бойдон турат. Кыргызстан коңшулары Өзбекстан менен Казакстанга суу топтоп берет. Соңку жылдары өлкөдөгү негизги электр энергиясын өндүргөн Токтогул ГЭСине суу аз топтолуп, өлкөнүн ичинде электр таңкыстыгы жаралууда.
Быйыл 14-сентябрда Тажикстанда өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин саммитинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров аймактагы суу-энергетикалык көйгөйлөрдү көтөргөн.
“Акыркы жылдары дүйнө жүзү боюнча айрыкча биздин аймакта климаттын өзгөрүшүнүн терс таасири барган сайын күч алууда: аномалдуу суук, чукул кырдаалдар, узакка созулган кургакчылык жана суунун аздыгы. Натыйжада кышында Кыргызстанда жана Борбор Азиядагы коңшу өлкөлөрдө аномалдуу сууктан электр энергиясын керектөө кескин өстү, ал эми жайкысын кургакчылыктан жана суунун аздыгынан улам бардык жерде суу тартыштыгы жаралды. Менин оюмча, жыл сайын суу азайып, ага болгон муктаждык көбөйүп баратканы баарына айкын болуп калды”, - деди Жапаров.
Жапаров Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ортосундагы 1998-жылкы "Нарын - Сыр-Дарыянын суу жана энергетикалык ресурстарын пайдалануу жөнүндө" макулдашуунун алкагында кызматташтыкты жандантууга даяр экенин айтты. Ал макулдашууда өлкөлөр ортосунда суу жана энергетикалык ресурстарды теңдеш алмашуу каралган.
Өзбекстандын бийлигинин билдирүүсүнөн кийин Кыргызстанда Айыл чарба министрлиги Суу ресурстары жана айыл чарба министрлиги болуп өзгөрө турганы белгилүү болду. Бул тууралуу министр Аскарбек Жаныбеков Жогорку Кеңештин 4-декабрдагы тармактык комитетинин жыйынында билдирди. Ал жарлыктын долбоору даяр болуп калганын айтты.
“Суу маселеси эң биринчи маселеге чыгып жатканы үчүн ушуга барып жатабыз. Аны менен бирге түзүмүн да иштеп чыктык. Мөңгү тиги министрликте, жер астындагы суулар дагы башка мекемеде, гидрогеологиялык маалыматтык фонд башка министрликте, ал эми институттар болсо Улуттук илимдер академиясынын карамагында. Ушулардын баарын топтоп, бир системага алып келишибиз керек”, - деди Жаныбеков.
Министр Суу кодексинин долбоору да даярдалып, Министрлер кабинетине киргизилгенин маалымдады.
Мунун алдында депутат Эмил Токтошев өлкөдө суу тармагын тейлөөгө бирдиктүү система жок экенин, бул жааттагы мекемелердин иши бири-бирине каршы келип калганын айткан.
“Өзбекстан суу ресурстары газ менен мунайдан да маанилүү экенин түшүнүп, сентябрда Суу ресурстары жана ирригация министрлигин түзүштү. Алар келечек кайда баратканын сезип жатышат. Биз байлыктын үстүндө турсак да, дагы эле кызмат талашып жүрөбүз. Майдаланып кеттик”, - деди Токтошев.
Кыргызстандын президенти эл аралык платформаларда климаттын өзгөрүшүнүн мөңгүлөргө жана суу ресурстарына тийгизген таасири боюнча позициясын билдирип жүрөт.
Борбор Азиядагы Жерди прикладдык изилдөө институтунун маалыматына таянсак, соңку 70 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 16% чейин азайган. Эгер абанын ысыганы токтобосо, Кыргызстанда жакынкы 50 жылда майда мөңгүлөр жок болушу ыктымал.