24-декабрда Кыргызстандын аймагында жаан жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -19…-24, күндүз -3…+8;
Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 9…14;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 9…14;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;
Нарында түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…+2°, күндүзгү жогорку температурасы 14…16° жылуу болот.