Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорунун кабыл алынышына байланыштуу Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиевге кылмыш ишин козгоо өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу Султанбеков 22-декабрда Фейсбук баракчасына жарыялап, баш прокурор Курманкул Зулушевдин атына жазылган кайрылуу каттын сүрөтүн жүктөдү.
"Мыйзам баарынан жогору болот деп ишенем жана Башкы прокуратура Конституцияда да, "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө" мыйзамда да Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикасына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө парламенттин ыйгарым укуктары жок экенин моюнга алат деп ишенем", - деп жазган Султанбеков.
20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз чукул кабыл алган мыйзамга президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-декабрда кол койду.
Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген. Бул демилге коомчулуктун нааразылыгын жаратып, өзгөртүүгө негиз жок экенин айтып чыгышкан.
Президент Садыр Жапаров 16-декабрдагы экинчи Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин, мыйзам долбоорун жазуу сунушун спикер Нурланбек Шакиевге өзү бергенин айткан.
Социалдык тармактын колдонуучулары желекти өзгөртүү каршы экенин билдирип, флешмоб өткөрүп жатышат. Тууну өзгөртүүгө каршы чыгып, митинг өткөрүүгө камынган жарандык активист Афтандил Жоробеков массалык башаламандыкка айыпталып кармалып, сот аны эки айга камакка алды.
Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки жылы - 1992-жылдын 3-мартында легендарлуу парламенттин токтому менен бекитилген. (КЕ)