Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:10

“Проект”: Путин Украинага каршы баскынчыл согушту Януковичтин акыркы күндөрү маалында баштаган


Андрей Захаровдун “Анын согушу” даректүү тасмасынын аталышы. 28.11.2023.
Андрей Захаровдун “Анын согушу” даректүү тасмасынын аталышы. 28.11.2023.

Орусиялык чынчыл иликтөөчү журналисттер 2014-жылы президент Владимир Путиндин эгемен Украинага каршы согушту кантип баштагандыгын ашкерелөөсүн улантууда. Төмөндөгү блог “Проект” (“Долбоор”) деп аталган орус тилдүү медиа каражаты 2023-жылдын 28-ноябрында интернетте шардана кылган журналист Андрей Захаровдун даректүү тасмасынын чоо-жайына жана табылгаларына арналат.

Оболу “Проект” медиа каражаты тууралуу азыноолак сөз

Бул медиа каражаты “көз тийбесин” дегендей жөнөкөй гана “Проект” (“Долбоор”) сөзүн өзүнө аталыш катары тандап алган.

Анын негиздөөчүсү жана башкы редактору – Роман Баданин мырза. Башкы редактордун орун басары – Михаил Рубин.

Роман Баданин. 27.7.2021.
Роман Баданин "Reuters" агенттигинин кабарчысы менен маек курууда. Нью-Йорк. 27.7.2021.

“Биз кимбиз?” деген суроого бул интернеттик медиа каражатынын өкүлдөрү мындайча жооп узатышат:

“Биз – Орусияда эң мыкты эркин ЖМКларды (жамааттык маалымдоо каражаттарын) түзүүгө жетишкен, бирок учурда өз өлкөбүздө кысымга дуушар болгон кабарчыларбыз жана иликтөөчү журналисттербиз”.

Демек, бул “Проект” аттуу медиа каражатынын негиздөөчүлөрү жана анын азыркы ишин жүзөгө ашырып жаткандар – путиндик Орусиядагы авторитардык режимдин ар кыл өңүттөрүн ашкерелеп жаткан орусиялык эркин журналисттер тобу экен.

Аларды, албетте, путиндик режим “башынан сылап” отурган жок: бийликтер 2016-жылы, андан соң 2021-жылы жайында “Проект” аттуу көз карандысыз басылмага мыйзамсыз чабуулду баштады.

Роман Баданин. 06.10.2016.
"Проект" басылмасынын баш редактору Роман Баданин. Маскөө шаары. 06.10.2016.

Бул эркин басылмада иштеп келген көптөгөн журналисттер орусиялык бийликтер тарабынан “чет өлкөлүк агент” деп жарыяланышты, ал эми бул басылманы колдогон америкалык “Project Media” компаниясы “ылайыксыз уюм” деп табылды. Кийин бул компания жабылууга дуушарланды.

Натыйжада бул басылманын айрым кызматкерлери “Агентство” (“Агенттик”) деп аталган жаңы жамааттык маалымдоо каражатын түзүп, чет өлкөлөргө чыгып кетишти.

Орусия 2022-жылы февралда Украинага каршы согуштун жаңы жана кеңири өлчөмдөгү баскычын баштаган соң, Орусияда көз карандысыз ЖМКлардын көпчүлүгү жабылды же алардын интернет барактары өлкө ичинде бөгөттөлдү.

Дал ушул оор кырдаалда ар кыл өлкөлөрдө байырлаган орусиялык эркин журналисттер “Проект” медиа каражатынын изилдөө ишмердигин кайрадан жандантуу тууралуу чечим кабыл алышты. Ал эми “Агентство” маалымат каражаты болсо көбүнесе учкул кабарларды жайылтуу менен өз ишин уланта бермекчи.

“Проект” медиа каражаты Орусияда бийликтер расмий түрдө табу кылган өтө маанилүү көйгөйлөрдү чагылдыруу менен алектенип келет.

“Проект” медиа каражаты, эркин оюн билдиргендер үчүн азыркы оор кырдаалды эске алуу менен, Орусиянын ичинде туруп иликтөөчү журналист катары өзүнүн баалуу материалын сунуштагандарга адабий ысым колдонууга уруксат кылууда.

Андрей Захаров, эркин журналист. 2020.
Орусиядагы "proekt.media" аттуу интернеттик медиа каражатында иштеген эркин журналист Андрей Захаров. 2020-жыл.

Андрей Захаров тууралуу учкай сөз

“Проект” медиа каражаты тарабынан кезектеги иликтөөсү шардана кылынган Андрей Захаров – орусиялык таанымал эркин журналист.

Андрей Вячеславович Захаров 1983-жылы 27-июлда Санкт-Петербург (мурдагы Ленинград) шаарында туулган. Мындайча айтканда, ал – президент Путиндин жердеши.

2000–2005-жылдары А.Захаров Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин тарых факултетинде окуп, “көркөм өнөр таануучу” адистигине ээ болгон. Бир катар жергиликтүү эркин жана эл аралык медиа каражаттарында (анын ичинде Би-Би-Си Орус кызматынын атайын кабарчысы да болуп) иштеп, өзүнүн иликтөөчү журналист катары жазган эмгектери үчүн ар кыл медиа сыйлыктарга татыган.

Андрей Захаров. 2022-жыл.
Журналист Андрей Захаров. 2022-жыл.

Анын Орусиядагы “троллдордун ишканалары” (б.а. бийликтин же таасирдүү ишкердин интернеттеги “камчысын чапкан” фейктердин кошуундарын түзүү далаалаттары) тууралуу иликтөөлөрү өзгөчө маанилүү.

Андан тышкары, ал “Проект” басылмасында Роман Баданин менен бирдикте иликтөө жарыялап, Светлана Кривоногих деген мурдагы студент айым менен Владимир Путиндин көңүлдөш болгондугу тууралуу жоромолду шардана кылышкан.

Ошентип, Светлана Кривоногих 2003-жылы Елизавета Владимировна аттуу кызды төрөгөн жана ал кыз Владимир Путинге "куюп койгондой" окшош болуп чыккан деген жоромолдорго “Проект” басылмасы да өз үнүн кошкон.

"Проект" басылмасынын "Темир беткаптар" иликтөөсү.
"Проект" басылмасынын "Темир беткаптар" аттуу иликтөөсү. 2020-жыл.

2000-жылы университетти аяктагандан кийин бул мурдагы жөнөкөй студент айым "Россия банкы" сыяктуу бир нече ири компаниялардын баалуу кагаздарына кожоюн болуп калган. Арийне, Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “Проект” басылмасынын жоромолун ынандырарлык эмес жана жеңил ойлуу деп сынга алганы маалым.

Албетте, Андрей Захаровду тагдырында сыйлыктар гана күтүп турган жок.

2021-жылы 8-октябрда (Путиндин режими Украинага каршы согуштун кеңири өлчөмдө улантылышына кирише электе эле) Орусия Федерациясынын Юстиция (Адилеттик) министрлиги журналист Андрей Захаровду “чет өлкөлүк агенттердин” кара тизмесине киргизген.

2021-жылы декабрда Андрей Захаров чет өлкөгө (Батышка) чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

2022-жылы 24-февралда путиндик режим Украинага каршы согуштун кеңири өлчөмдөгү баскычын баштаган соң, Захаров мырза бул кадамды айыптаган.

Ал баскынчыл согушту жактаган орусиялык саясатчыларды эликтеп: “Баарына тең жылуу диванда жайгашып алып, киши өлтүрүүлөрдү четтен байкап туруу жагат, бирок эч ким өзү майдан талаасына баргысы келбейт”, – деп жазган.

Тасма. Владимир Путиндин Украинага каршы согуш баштагандыгы тууралуу Андрей Захаровдун орусча даректүү иликтөөсү. “Проект”. 28.11.2023.

А. Захаров: Путиндин согушту Украинадагы “нациктер” баштаган деген сөзү жалган

Орусиялык эркин журналист Андрей Захаров “Проект” медиа каражатында 2023-жылдын 28-ноябрында жарыяланган даректүү тасмасын орусча “Анын согушу” (“Его война”) деп таасын атаган.

Бул аталыш жалпы даректүү тасманын айткысы келген башкы оюн кыска-нуска чагылдырып турат.

Чын эле Орусиянын президенти Владимир Путин куру чечендикке салган далай чыгып сүйлөөлөрүндө жана маектеринде өзүн “куткаруучу” катары сыпаттап, ал эми Украинанын чыгышындагы согуш аракеттерин оболу украиналык ашынган улутчулдар (“нацисттер” сөзүн ал “нацики” – “нацистчелер” деп текеберлене колдонот) баштаган болчу, анан карапайым орус тилдүүлөрдү калкалап калуу үчүн аргасыздан биз дагы кийлигиштик, деп саймедирлеп сүйлөп жүрчү.

А.Захаров даярдаган даректүү тасмада Путиндин бул сөздөрү да видео үзүндү катары бир нече жерде камтылган. (Маселен, “алар өздөрү баштаган” деген Путиндин актанып айткан сөздөрү бул тасмада 01:00 мүнөттө, 53:53 мүнөттө жана 1:27:13 мүнөттө да камтылган).

2022-жылы 24-февралда баскынчыл согуштун жаңы жана ири көлөмдөгү айлампасын баштап жатып, президент В.Путин “атайын аскердик чара” деген бул согуш аракеттеринин максатын “сегиз жыл бою Украинанын режими жүргүзүп жаткан геноцидге каршы” күрөш катары тишин кычыратып ызырына түшүндүргөн.

Тасма. В.Путин аскердик иш-чара тууралуу жарыялады. Радио Свобода. 24.2.2022. (Мында 02:10 мүнөттөн кийин Путиндин сөзүн угуп көрүңүз).

Өзүнүн даректүү тасмасында А.Захаров Украинадагы согушту Владимир Путин менен анын чөйрөсү баштагандыгы тууралуу маалыматтарды тээ 2014-жылдан бери иликтеп келгендигин ачык айтат.

Ал өз булактарынын арасында согуш аракеттери чагылдырылган даректүү видео тасмалар, кишилердин сөздөрү тымызын жаздырылып алынган үн тасмалары, интернеттеги жашыруун болгон расмий жана жеке электрондук каттарды ачып окуунун натыйжасында алынган маалыматтар, ошондой эле Украинадагы жикчилдердин жана орусиялык баскынчылардын өкүлдөрү өздөрү мактанып, согуш кантип башталгандыгын “агынан жарылып” ачыктап сыпаттап жазып чыккан эскерүү китептеринин тексттери да бар деп, аларды санап өтөт.

Бул ар кыл даректерди өз ара салыштырып иликтөө – “Проект” басылмасынын башкалар жүзөгө ашырыла элек саамалыгы болуп саналат, деп А.Захаров өзгөчө баса айтат. Бул иликтөөнүн “мүдөөсү жөнөкөй эле – бул согушта алгачкы окту аткан [мылтыктын] милтесин ким баскандыгын аныктап берүү”, – деп ал кошумчалайт (тасмада 1:54-мүнөттөн тартып).

Александр Расшивалов орусиялык "Кырымды кайтарып алгандыгы үчүн" деген медалды алган.
Кырымдык Александр Расшивалов Орусия Коргоо министрлигинен "Кырымды кайтарып алгандыгы үчүн" деген медал алган. 27.1.2016.

Даректүү тасмада Орусиянын Коргоо министрлигинин “Кырымды кайтарып алгандыгы үчүн” деген медалы да кыйыр далил катары эскерилген. Маселен, 2014-жылдын март айынын акырында негизделген бул аскердик сыйлыкта “2014-жылдын 20-февралы” деген дата даана жазылып турат. (Тасмада 19:20 мүнөттөн ары).

Ал эми Украинанын борбору Киев шаарында бир канча убактан бери эл толкундап жаткан, бирок ал кездеги маскөөчүл президент Виктор Янукович 2014-жылы 20-февралда дагы эле Киевде эң жогорку кызматта отурган (ал өз кызмат ордунан ошол жылы 22-февралда араң качып кеткен).

А.Захаров жана башка “Проект” өкүлдөрү айтылуу “жашыл кийимчендер”, башкача айтканда өз аскердик белгиси жок миңдеген орусиялык жоокерлер, Украинанын чыгышындагы Кырым жарым аралына 2014-жылдын 20-февралында (б.а. маскөөчүл президент Виктор Янукович өз бийлик ордунан качып чыгып кете электе эле) Владимир Путиндин тымызын буйругу менен киргизилгендигин башка да даректик булактарды салыштыруу аркылуу далилдей алган.

Орусиячыл саясатчы Сергей Горбачёв – севастополдук журналист жана мурдагы деңиз аскер кызматчысы. 1990-жылдары Украинанын бийликтери С.Горбачёвду ачык орусиячыл туруму үчүн соттоого да далаалат кылган экен.

А.Захаров даректүү тасмасында белгилегендей (20:19 мүнөттөн), журналист С.Горбачёв өзүнүн Кырымдын Орусияга каратылып алынгандыгына байланыштуу окуялар чагылдырылган китебинде алиги мыйзамсыз кирген орусиялык “жашыл кийимчендер” 2014-жылдын 20-февралынан тартып эле пайда болгондугун белгилеген.

Дагы кайталасак, ал күнү Путиндин “үзөңгүлөшү” болгон Виктор Янукович дагы эле Киевде бийликте отурган. Демек, Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путиндин Киевде Януковичти бийликтен кууган батышчыл, европачыл “майданчыларды” жазалоо үчүн кийинчерээк гана орусиялык аскерлерди Украинанын аймагына киргизгендиги тууралуу “жомогу” эч суу кечпейт.

Азыркы Украинанын бийликтери дагы путиндик баскынчылык 2014-жылы 20-февралда эле башталгандыгын ырастап келишет. Бул дата Украинанын парламенти – Жогорку Рада кабыл алган атайын чечимде да чагылдырылган (бул жөнүндө тасмада 20:39 мүнөттөн кийин да айтылат).

Демек, Путин Киевдеги мыйзамсыз “төңкөрүш” же “кутум” деп өзү атаган окуя орун алган 22-февралга чейин эле Орусиянын аскерлери тымызын баскынчыл иш-аракетке киришкен. Ал эми орусиялык аскерлердин Кырымга мыйзамсыз киргизилишин орус президенти Путин бул баскынчылык башталгандан кийин эки күн соң орун алган саясий окуяга – Виктор Януковичтин 2014-жылы 22-февралда өз кызмат ордунан качып чыгышына байланыштырып, демек, коомчулукка жалган маалымат таңуулап түшүндүрүп келүүдө.

Путиндин жашыруун элчиси (эмиссары) Константин Затулин Кырым жарым аралындагы Севастопол шаарына 2014-жылдын февралынын башында эле келгендигин жана “жикчилдерди” табууга жана каржылоого көмөк уюштургандыгын А.Захаров өз тасмасында (21:10 мүнөттөн) ар тараптуу чагылдырат.

Константин Затулин. 19.11.2013.
Константин Затулин. 19.11.2013.

Константин Фёдорович Затулин 1958-жылы 7-сентябрда Грузиянын Батуми шаарында туулган. Ал 1985-жылы Маскөө мамлекеттик университетинин тарых факултетинде аспирантураны аяктаган. Ал – Орусиянын Мамдумасынын депутаты жана КМШ өлкөлөрү институтунун (Диаспора жана интеграция институтунун) деректири.

2023-жылы 1-июнда Затулин “Бизге кандай Украина керек?” деген талкууда Орусия Украинага басып киргенде шардана кылган максаттарынын эч бирин аткара алган жок, деп айтып чыккан. Анын сөзү А.Захаровдун даректүү тасмасында да чагылдырылган (1:26:52ден тартып көрүңүз).

Айтмакчы, Украина, Армения жана бир катар Батыш өлкөлөрүнүн бийликтери Затулинге бул өлкөлөргө кирүүгө чектөө жарыялашкан.

Сергей Глазьев (солдо) жана Виктор Медведчук. Запорожье, Украина. 23.11.2012.
Орусиянын президентинин кеңешчиси Сергей Глазьев (солдо) жана “Украина тандоосу” уюмунун төрагасы Виктор Медведчук. Запорожье, Украина. 23.11.2012.

А.Захаровдун даректүү тасмасында К.Затулинден тышкары Сергей Глазьев деген саясатчы дагы Украинанын чыгышында жикчилдерди козутуу жана борбордук бийликтерге каршы кыймылдарды жаратуу иштерин көзөмөлдөгөн орусиялык аткаминер катары айтылат. Алардын өз ара тымызын сүйлөшүүсүнүн үн тасмасы да бул даректүү тасмада берилгендиги даректүү тасманын далилдүүлүгүн күчөтөт (22:29 мүнөттөн тартып).

Сергей Юрьевич Глазьев 1961-жылы 1-январда Украинанын Запорожье аймагында туулган. 1983-жылы Маскөө мамлекеттик университетинин экономика факултетин аяктаган. Атасы – орус, энеси – украин.

Экономика илимдеринин доктору, Орусия ИАсынын академиги. Орусия Мамдумасынын депутаты болгон. 2012–2019-жылдары ал президент Путиндин кеңешчиси болгон (дал ошол жылдарга Украинага каршы баскынчылыктын алгачкы айлампасы туш келет).

Сергей Аксёнов (солдо биринчи), Владимир Константинов, Владимир Путин жана Алексей Чалый (оңдо). 18.3.2014.
Кырымдын "өкмөт башчысы" Сергей Аксёнов (солдо биринчи), Кырым "парламентинин спикери" Владимир Константинов, президент Владимир Путин жана Севастопол шаарынын "мэри" Алексей Чалый (оңдо). Кремл, 18.3.2014.

С.Глазьевге карата да Украинанын жана бир катар Батыш өлкөлөрүнүн чектөөлөрү жарыяланган. Ал эми 2022-жылы 19-февралда С.Глазьев Кыргызстандын “Данакер” ордени менен сыйланган.

Айтмакчы, жогорудагы үн тасманы Затулин дагы, Глазьев дагы жалганга чыгарып, Украианын коопсуздук кызматынын “жомогу” катары баалашканын да А.Захаров калыстык үчүн кошумча айта кетет (23:14 мүнөттөн).

Бул даректүү тасмада Константин Малофеев деген ортодокс (православ) миллионер киши Украинанын чыгышындагы “Анти-Майданды” жана башка жикчил аракеттерди ыктыярдуу каржылаган, деп айтылган (23;47 мүнөттөн).

Константин Малофеев
Ишкер Константин Малофеев. Ялта, Кырым. 21.10.2019.

Ишкер Константин Валерьевич Малофеев 1974-жылы 3-июлда Маскөө облусундагы Пущино шаарында туулган. Ал 1996-жылы Маскөө мамлекеттик университетинин укук факултетин аяктаган. Ал “Ростелеком” компаниясынын баалуу кагаздарынын кожоюну, “Царьград” аттуу бир нече компанияны баш коштурган уюмдун Деректирлер кеңешинин төрагасы. Ал жетектеген “Ыйыктагыч Улуу Василий” кору 2014-жылы Украинанын чыгышында жикчилдердин топторун ырааттуу каржылаган.

К.Малофеев да 2014-жылдан кийин бир катар Батыш өлкөлөрүнүн чектөөлөрүнө кабылган.

А.Захаровдун даректүү тасмасында Орусиянын ФСБсы менен байланышы бар Игорь Гиркин (Стрелков) да Украинанын чыгышындагы орусиялык баскынчы жортуулдарды жана террорчул аракеттерди уюштуруучу катары көп ирет эскерилген (25:05тен).

Игорь Гиркин (Стрелков) сот залында. Маскөө. 21.7.2023.
ФСБнын мурдагы полковниги Игорь Гиркин (Стрелков) сот залында. Маскөө. 21.7.2023.

Игорь Иванович Стрелков (өз аты – Игорь Всеволодович Гиркин) 1970-жылы 17-декабрда Маскөөдө туулган. Ал 1992-жылы Маскөө мамлекеттик тарых жана архив таануу институтун аяктаган. Ошол жылы июнда Молдованын Днестр бою аймагына, Тираспол шаарына ыктыярдуу келип, жикчилдерди колдогон. Ал Боснияда дагы улутчул сербдер тарабында кызмат өтөп, “падышачыл офицер” атыккан. 1999-жылдан Түндүк Кавказда Экинчи Чечен согушуна (албетте, Орусия тарабында) катышкан. Кийин ФСБде да иштеп, 2013-жылы полковник даражасында бул кызматтан өзү кеткен.

2013-жылы ал бир канча убакыт бою “Маршал-Капитал” аттуу инвестициялык кордун коопсуздук башкармалыгын жетектеген. Бул кор ишкер Константин Малофеевге таандык эле.

Бул кордо анын Түндүк Кавказда (Дагстанда) жүргөндө дос болуп калган үзөңгүлөшү Александр Бородай да иштеген. (Александр Бородай кийинчерээк донбасстык украин жикчилеринин Донецк Элдик Республикасы деген түзүлүшүнүн өкмөт башчысы да болуп калат).

Александр Бородай, Донецк, Украина. 21.6.2014.
Орусиянын жараны, Чыгыш Украинадагы жикчил саясатчы Александр Бородай, Донецк, Украина. 21.6.2014.

А.Захаровдун даректүү тасмасында А.Бородай мырза ишкер Малофеевдин мурдагы басма сөз (“пиар”) өкүлү жана Сергей Аксёновдун кеңешчиси катары да эскерилет (тасманын 1:00:17 мүнөтүндө).

Сергей Валерьевич Аксёнов болсо Орусия Кырым жарым аралын каратып алган соң, бул аймакты жетектеп турган киши (тасмада 54:34 мүнөттө). Бул саясатчы 1972-жылы 26-ноябрда Молдованын Бельцы жергесинде туулган. 2010-жылдан тартып ал Кырымдагы “Орус биримдиги” деген улутчул кыймылды жетектеген. Бул кыймыл Орусиянын ФСБсы тарабынан каржыланган делет.

Орусиячылдардын жыйыны маалында (ортодо Сергей Аксёнов).
Орусиячылдардын жыйыны маалында (ортодо Сергей Аксёнов). Симферопол, Украина. 26.2.2014.

2014-жылдын 17-мартынан тартып Аксёнов Орусия тарабынан каратылып алынган Кырым аймагында өкмөт башчы, ал эми ошол жылдын 14-апрелинен тартып бул басып алынган аймактын Башчысы (Глава”) болуп калган. Ага карата бир катар Батыш өлкөлөрү “Украинанын аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине шек келтиргендиги үчүн” деп чектөө жарыялашкан.

Эми кайрадан Стрелковго келсек.

И.Стрелков 2014-жылы 16-марттан 14-августка чейин Донецк Элдик Республикасы деп өзүн атап алган жикчил түзүлүштүн коргоо министри да болуп турган.

Стрелков (Гиркин) Малайзиянын Боинг учагынын жок кылынышына жана андагы 298 кишинин набыт кетишине айыптуу кишилердин бири катары Нидерланддарда сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. 2023-жылы 21-июлда Орусиянын өз бийликтери аны экстремисттик ишмердиги үчүн айыптап камакка алган. (Бул тууралуу тасмада 1:26:42 мүнөттө айтылат.)

Дал ушул Стрелков (Гиркин) мырзанын 2014-жылдын февралынан берки Чыгыш Украинадагы террордук иштерди уюштуруудагы ишмердигин журналист А.Захаров даректүү тасмада анын өзүнүн жана өнөктөштөрүнүн маалыматтарын мисалга алуу менен кеңири чагылдырган.

Маселен, Павел Губарев деген жикчил жана ашынган улутчул саясатчы өзүнүн “Новороссия шамы” (Губарев П. Факел Новороссии. — М.: Питер, 2016. — 413 с.) аттуу китебинде 2014-жылдын соңунда Киевдеги “Майданга” каршы нааразылык деми Чыгыш Украинада өчүп бара жаткандыгын расмий Кремл дурус аңдагандыгын, ошондо Кырымдан келген Стрелковдун куралчан тобу 2014-жылы 6-апрелде Украинанын Донецктеги расмий коопсуздук органдарына таандык курал-жарактарды тартып алган соң гана жергиликтүү жикчилдердин нааразылык жыйыны жанданып, акыры алар Донецк Элдик Республикасы дегенди жарыялоого чейин жетишкендиктерин ачыктап жазган экен. (Даректүү тасманы 56:18 мүнөттөн тартып көрүңүз).

Павел Губарев маалымат жыйынында. Донецк Украина. 09.7.2014.
Өзүн "Донецк Элдик Республикасы" деп бир тараптуу жарыялаган жикчил түзүлүштүн “элдик губернатору” Павел Губарев маалымат жыйынында. Донецк Украина. 09.7.2014.

Павел Юрьевич Губарев 1983-жылы 10-февралда Украинанын Северодонецк шаарында туулган. Донецк мамлекеттик университетинин тарых факултетин аяктаган, башка да окуу жайларда окуган. 1999-жылы ал Александр Баркашов жетектеген “Орус улуттук биримдиги” деген шовинисттик, неофашисттик уюмга мүчө болгон.

2014-жылы Губарев мырза Донецк аймагында жикчилдердин мыйзамсыз куралдуу тобун түзүүгө катышкан. 2014-жылы 3-мартта ал өз куралдуу тобу менен Донецк облустук кеңешин курчап, аны чабуулга алган. Залда алар “Донецк облустук жаңы Жогорку кеңеши түзүлдү” деп жарыялашкан. Бул далаалат алгач майнапсыз аяктаган.

2014-жылы 5-мартта Орусиядан Сергей Глазьев өзү Губаревге телефон чалып, аны колдогон жана шыкктаган. 6-мартта Украинанын коопсуздук кызматтары Губаревди камакка алган. 7-майда ал Славянск шаарына алынып келинип, жикчилердин колунда туткунда жаткан украин коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнүн ордуна алмаштырылып, боштондукка чыккан.

Губаревдин жубайы Екатерина Губарева 2014-жылы 16-майдан 15-августка чейин өзүн өзү эгемен жарыялаган Донецк Элдик Республикасынын алгачкы тышкы иштер министри болуп турган.

Арийне, Донбасстагы антикиевдик жикчил толкундоолордогу Орусиядан атайын жөнөтүлгөн Стрелков сыяктуулардын мыйзамсыз куралдуу топторунун ролун бөксөртпөөө менен катар эле, Стрелков канчалык өзүм билемдик менен ыктырдуу иш алып баргандыгы тууралуу маашырлана кайталап айтпасын (1:05:08ден жана 1:05:32ден тартып салыштырып көрүңүз), анын да орто жолдо багыттоочулары болгондугу, ал багыттоочулар (арасында ФСБнын генералы Андрей Бурлака да бар; караңыз: 1:10:14 ж.б.) өз кезегинде Владимир Путиндин деңгээлиндеги эң жогорку төрдөгү көрсөтмө берүүчүгө көз каранды болгондугун А.Захаровдун бул даректүү тасмасы айкын чагылдырат.

ФСБнын генералы Андрей Бурлака. 28.4.2020.
ФСБнын генералы Андрей Бурлака. 28.4.2020.

Ушул жерден путиндик режимдин дагы бир кылмыштуу окуясына кайрылууга туура келет.

2014-жылы 17-июлда “Malaysia Airlines” компаниясына таандык “Boeing 777-200ER” жүргүнчү учагы Амстердам шаарынан Куала-Лумпур шаарына карай “MH17” аба каттамын жүзөгө ашырып жаткан. Учак абага көтөрүлгөндөн болжол менен 2 саат 49 мүнөттөн кийин ага “Бук” зениттик-ракеталык системасынан атылган “9M38” сериясындагы ракета келип тийген.

Бул лайнердин сыныктары Грабово, Петропавловка кыштактарынын жана Рассыпное шаарчасынын аймагындагы ар кыл тилкелерге кулап түшкөн. Жүргүнчү учактагы 298 киши (анын ичинде 283 жүргүнчү жана 15 экипаж мүчөсү) бүт набыт кетишкен.

А.Захаровдун даректүү тасмасында “MH17” аба каттамы боюнча эл аралык трибунал кылдат топтогон маалыматтардын ичинен орусиялык бир аткаминердин үнү жазылган тасма тууралуу сөз кылынат.

Бул тымызын жазылып алынган тасмада алиги орусиялык аткаминер Донбасстагы жикчилерге тымызын ташылган орусиялык курал-жарактарды ташууга ким уруксат кылгандыгы тууралуу суроого “бул чечим Биринчи (төбөлдүн) жеке өзү тарабынан жасалган. Эң Биринчинин өзү тарабынан гана”, – деп айткан экен (тасманы 1:11:36 мүнөттөн тартып көрүңүз).

Журналист Андрей Захаров чечим чыгаруу чынжырынын эң төрүндө президент Путин өзү жайгашуусу ыктымал экендигин (тасмада 1:12:09 тартып) жоромол кылат.

Захаров мырза иш жүзүндө Киевде “Эвро-Майдан” жеңишке жете элегинде эле Путин Кырымды каратып алуу үчүн 2014-жылы 20-февралда аскердик чараларды баштай берүүгө буйрук кылгандыгын дагы бир ирет эскертет.

Тасмада чагылдырылган дагы бир маанилүү өңүт – Украинанын чыгышындагы калайыктын арасында антикиевдик “анти-майдандык” маанай басаңдап калган чакта, Орусиянын үгүтчүлөрү жана каржылоочулары гана эмес, орус аскер күчтөрү жана курал-жарактары да Донбасска арбын киргизилгендиги тууралуу маалымат болуп саналат.

Тасмада Орусиянын куралдары, танктары жана аскер күчтөрү Донбасс аймагында арбын колдонулгандыгы тууралуу “Бэллингкэт” (Bellingcat) интернеттик иликтөө борбору жарыялаган факттар да, бир катар учурларда Орусиянын ичкерки аймагынан эле Украинаны көздөй ракеталык жана башка аткылоолор болгондугу жөнүндөгү маалыматтар да эскерилген (53:16 мүнөттөн).

Айтмакчы, “Фейсбук”, “Телеграм” сыяктуу интернеттеги коомдук тармактарда Орусиянын Буриятия жана башка аймактарынан Чыгыш Украинага келип, жикчилердин ордуна салгылашкандар өздөрү тууралуу жазган маалыматтар 2014-жылдан тартып маал-маалы менен коомчулук назарына түшкөнү эсте.

Орусиялык көз карандысыз журналист Андрей Захаровдун “Анын согушу” деген даректүү тасмасы Владимир Путиндин согушчан турумунун айынан эки тараптан тең бөөдө набыт кеткен кишилердин элестери, Украинада мурда гүлдөп өсүп турган, эми таптакыр кыйроого учураган шаар-кыштактардын үрөй учурган аянычтуу көрүнүшү сыяктуу сүрөттөмөлөр менен коштолгон.

Соңку сөз

Айрым замандаштар “эмне үчүн орусиялыктардын өздөрү Путиндин баскынчыл согушуна каршы үн катпай жатышат?” деп жөн келди суроо салып калышат. Иш жүзүндө, нечендеген орусиялык айдыңдар согуш баштала элек кезде эле Путиндин арамза саясатын сындап, ал Украинага каршы согуш башташы мүмкүн экендигин алдын ала эскертишкен жана баскынчыл согушту 2014-жылы кышында эле ачык айыптап чыгышкан.

2022-жылдан тартып Путиндин режимин жана анын эгемен Украинага каршы баскынчыл согушун сынга алган орусиялык айдыңдар ого бетер көбөйдү.

“Чет өлкөлүк агент” жөнүндөгү мыйзам сыяктуу жазалоочу мыйзамдар дагы калыс орусиялыктарды токтотуп калган жок. Алардын арасында Максим Галкин, Алла Пугачёва, Лия Ахеджакова, Андрей Макаревич сыяктуу көркөм өнөр өкүлдөрү, илимпоздор, саясатчылар да бар.

Маркум Борис Немцов да өмүрү кайгылуу окуянын айынан мезгилсиз үзүлгөнгө чейин (аны 2015-жылы 27-февралда Кремлдин жанындагы көпүрөдө атып өлтүрүп кетишкен) Украинага каршы баскынчыл согушту жана аны баштаган путиндик режимди ырааттуу сындап жүрдү.

“Проект” медиа каражаты жана башка эркин басылмалар, ошондой эле Андрей Захаров сыяктуу тайманбас орус журналисттери Орусиянын азыркы авторитардык режиминин ана башы Владимир Путиндин баскынчыл саясатын түп тамырынан бери ашкерелеген жана айыптаган кубаттуу толкундун ажырагыс бир бөлүгү болуп саналышат.

Орусиялык айдыңдар жана башка жарандар акыры өз мекенинде демократиялык түзүлүш орнотулаарына ишенишет жана ошол күндү жакындатуу үчүн тайманбастан күрөшүүдө.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG