Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:26

Нидерланд соту украин жана орус жарандарын өмүр бою эркинен ажыратты


Malaysia Airlines компаниясынын MH17 каттамындагы учактын атып түшүрүлүшүн караган судьялар. Нидерланд, 17-ноябрь, 2022-жыл.
Malaysia Airlines компаниясынын MH17 каттамындагы учактын атып түшүрүлүшүн караган судьялар. Нидерланд, 17-ноябрь, 2022-жыл.

Malaysia Airlines компаниясынын MH17 каттамындагы учагынын атып түшүрүлүшүн караган Нидерланд соту орусиялык Игорь Стрелков (Гиркин) менен Сергей Дубинскийди, орусиячыл украин жараны Леонид Харченкону сыртынан өмүр бою эркинен ажыратты. Алар учактын кулашына жана 298 адамдын өлүмүнө күнөөлүү деп табылды.

Дагы бир орусиялык жаран Олег Пулатов далилдердин жоктугуна байланыштуу акталды. Стрелков ал кезде өзүлөрүн "Донецк элдик республикасы" деп атап алган аймактын Коргоо министрлигин жетектеп турган. Дубинский анын орун басары болчу.

Амстердамдан Куала-Лумпурга бараткан Boeing 777 учагы 2014-жылдын жайында Украинанын үстүнөн учуп баратканда атып түшүрүлгөн. Ал маалда орусиячыл жикчилдер менен украин армиясы Донбасста кармашып жаткан.

Нидерланд соту учак Орусияда чыгарылган "Бук" зениттик-ракеталык комплекси менен Первомайск айылынын жанынан атып түшүрүлгөнүн, ал аймак ошол кезде орусиячыл жикчилдердин көзөмөлүндө болгонун ырастады.

Украинанын президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк Рейтерс агенттигине билдиргендей, бул чечим "Орусиялыктар жасаган ар бир аскердик кылмыш документтештирилип, иликтеп, күнөөлүүлөр жазаланат" дегенди айгинелейт.

Москва башынан эле окуяга тиешеси жок экенин айтып келет. 17-ноябрда Орусия Нидерланд сотунун чечимин карап чыгарын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG