Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:09

Өзгөн шаарынын мэри болуп Залкар Каримов дайындалды


Өзгөн шаары.
Өзгөн шаары.

Өзгөн шаарынын мэри болуп Залкар Каримов дайындалды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат катчысы Нурильич Токонбаев 19-декабрда “Азаттыкка” билдирди.

Залкар Каримов буга чейин Өзгөн администрациясында экономика, өндүрүш жана айыл чарба боюнча бөлүм башчы болуп иштеген.

Өзгөн шаарынын мурдагы мэри Дамир Моңолдоров 5-декабрда кызматтан алынганы белгилүү болгон. Ал быйыл октябрда УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар деген шек менен ноябрь айында кармалып, камакка алынган.

Моңолдоров ага чейин “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими жана Балыкчы шаарынын мэри болгон.

Анын адвокаты Жылдыз Кадырова шаардык соттун токтомуна каршы Ош облустук сотуна кайрылганын, шектүүнү камакка албай деле ишти тергесе болорун “Азаттыка” билдирген. (DSh)

XS
SM
MD
LG