Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

УКМК кылмыштуу топтун эркиндикте жүргөн мүчөсү кармалганын билдирди


Уюшкан кылмыш тобунун активдүү мүчөсү. Коопсуздук кызматы тараткан сүрөт. 19-декабрь, 2023-жыл
Уюшкан кылмыш тобунун активдүү мүчөсү. Коопсуздук кызматы тараткан сүрөт. 19-декабрь, 2023-жыл

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 15-декабрда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, "шектүү Ж.Т. - “Женго” каймана аты бар кримтөбөл Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыш тобунун активдүү мүчөсү. Ал Жалал-Абад шаарындагы ишкерлерди коркутуп, тоноо менен алектенип келген. 2017-жылы “Каракчылык”, “Зордуктоо” жана “Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү” беренелери боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаган деп соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган. Бирок 2022-жылы сот чечими менен мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган".

"Иликтөөнүн жыйынтыгында өзгөчө коркунучтуу кылмышкерди шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну колдонгон судьялардын аракеттерине тиешелүү укуктук баа берилет", - деп жазылган маалыматта.

Ж. Т. атайын кызматтын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын тергөө абагына камалды. Тергөө уланууда.

Коопсуздук кызматы анын мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен жарандарды УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгына 03722 5-60-49 телефону аркылуу кайрылууга чакырды.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

9-октябрда атайын кызмат аны менен байланышта болгон 40тан ашуун адам кылмыштуу топтун мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 млрд долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

УКМК көп өтпөй 225тен ашык мамлекеттик кызматкердин уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы аныкталганын маалымдаган. Кылмыштуу топтордун мүчөлөрү же алар менен кызматташканы аныкталды деген негизде айрым адамдар кармалып, камакка алынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG