15-декабрда Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович командасы 2024-жылы январь айында Катарда өтө турган Азия Кубогунун алдында басма сөз жыйынын өткөрдү. Ал Кыргыз футболдук союзунун негизги максаты тайпадан чыгуу экенин айтып, футбол боюнча улуттук курама команданын даярдыгы тууралуу маалымат берди.
“Азия Кубогу - беделдүү мелдештердин бири. Менин башкы максатым - Азия Кубогунда тайпадан чыгуу. Биз курамага оюнчуларды алуу системасын өзгөрттүк. Ошондуктан жаш оюнчуларды коштук. Бул менин эле каалоом эмес, бул футбол уюмунун келечекке койгон программасы”, - деди Штефан Таркович.
Азия Кубогунда ойной турган футболчулардын кеңейтилген тизмесине 32 оюнчу кирген. Көпчүлүгүн жаштар түзөт. Машыктыруунун билдиришинче, Катарга 24 футболчу барат. Коргоочу Валерий Кичин жаракат алып калганына байланыштуу Азия Кубогунда ойной албайт. Таркович чабуулчу Мирлан Мурзаев тууралуу да комментарий берди:
“Мирлан Мурзаев - абдан мыкты футболчу. Ал улуттук курамада абдан көп оюндарга катышты. Мен аны абдан сыйлайм. Акыркы үч айда ал курамдагы ордун жоготуп, өз алдынча машыгып жаткан. Бул абдан оор. Мен аны түшүнүп турам. Бирок ал кураманын капитаны болсо да сөзсүз ойношу керек дегенди түшүндүрбөйт. Мен башкы машыктыруучу катары өз чечимимди чыгардым. Менин максатым - оюнда жеңип чыгуу. Андыктан азыркы учурда мыкты даярдыкта турган футболчулар ойношу керек деп эсептейм. Бизде Мурзаевден башка да жаш, талантуу футболчулар көп”.
Буга чейин Мирлан Мурзаевдин курамага кирбей калганы социалдык тармактарда талкуу жараткан.
Азия Кубогуна даярдыктын алкагында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Өзбекстан, БАЭ, Сирия жана Вьетнам курамалары менен жолдоштук беттештерди өткөрөт.
Азия Кубогу 12-январда Катарда башталат. Оюндарга бир айдан ашык убакыт калды. Кыргызстан F тайпасында Сауд Арабиясы, Тайланд, Оман курама командалары менен беттешет.
“Акшумкарлар” 16-январда Тайланд курамасына каршы алгачкы оюнун өткөрөт. Кыргызстандын курамасы ушуну менен экинчи жолу Азия кубогуна чыгып жатат. Улуттук курама 2019-жылы алгачкы жолу Азия кубогунда ойноп, 1/8 финалга чейин жеткен. Бул кыргыз футбол тарыхындагы эң чоң ийгилик болуп калды. (GT)