Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:11

УКМК Арстан Алай диний кастыкты козутууга айыпталып кармалганын билдирди


Арстанбек Абдылдаев
Арстанбек Абдылдаев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев диний кастыкты козутууга айыпталып кармалганын 15-декабрда билдирди.

Абдылдаев “социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган” деп шек саналып жатат. Атайын кызматтын маалыматында ал өзүн “жаңы кудай” жана “куткаруучу” деп эсептеп, башка диндерди жана ишенимдерди туура эмес экенин айтып, терс баа берип келгени жазылган.

Издөө иштеринин жүрүшүндө анын жашаган жеринен жана лекция өтүүчү жайынан бир катар адабияттар, китептер, компьютер жана электрондук материалдар алынган.

Абдылдаев УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Бишкекте Арстанбек Абдылдаев 13-декабрдан бери дайынсыз болуп жатканы айтылып, Свердлов райондук милициясы ага издөө жарыяланганын 14-декабрда “Азаттыкка” билдирген.

Абдылдаев 2011, 2017 жана 2021-жылдары өткөн президенттик шайлоолордо талапкерлигин койгон. 2020-жылы анын "мен Кудаймын" деген сөзү атайын экспертизага берилгени кабарланган.

Бул маселе парламентте көтөрүлүп, андан соң милиция Абдылдаевге карата Жазык кодексинин 313-беренеси ("Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу") боюнча кылмыш ишин козгогон. Анын айрым тарапкерлери буга нааразылыгын билдирип чыгышкан. Кийин милиция бул иште кылмыштын курамы жок экенин негиз кылып, иш кыскартылган.

XS
SM
MD
LG