Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:54

16-декабрдын аба ырайы


Ош шаарынан тартылган сүрөт. 13-декабрь, 2023-жыл.
Ош шаарынан тартылган сүрөт. 13-декабрь, 2023-жыл.

16-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…-6;

Талас жергесинде түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…-8;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5;

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…-7;

Бийик тоолордо түнкүсүн -23…-28, күндүз -12…-17 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7°, күндүз 0…-2° болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

XS
SM
MD
LG