Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:44
Жогорку Кеңештин курултайга келген депутаттары. 15-декабрь, 2023-жыл.
Жогорку Кеңештин курултайга келген депутаттары. 15-декабрь, 2023-жыл.

Курултай: Туунун тагдыры, абактан кайрылуу, кадр саясатына сын

15-16-декабрда Бишкекте 2-Элдик курултай өттү. Курултайдын биринчи күнү 75 делегат сөз сүйлөдү. Ал биринчи жолу 2022-жылы 25-26-ноябрда өткөн.

15-16-декабрда Бишкекте 2-Элдик курултай өтүп жатат. Курултайдын биринчи күнү 75 делегат сөз сүйлөдү. Ал биринчи жолу 2022-жылы 25-26-ноябрда өткөн. 2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Конституцияга Элдик курултай институту киргизилген. Кийин мыйзам кабыл алынган. Айрымдар парламент турганда Курултай институту кереги жок экенин айтып келишет.

15:59 16.12.2023

Садыр Жапаров Элдик курултайда ысырапчылыкты сындады:

"Кудамдын кудасы деп отуруп, бир жерде жети жылкы союлуп кетти. Эмне деген ысырапчылык? Ушуну токтотуу керек. Айрым адамдар кредит алып тойго жумшап атат. Кредитти бир нерсени алып көбөйтүү үчүн керек", - деди.

16:21 16.12.2023

16:36 16.12.2023

Президент Садыр Жапаров 2024-жылы Чүйдүн Сокулук, Ысык-Ата районунун айрым аймактары Бишкекке кошуларын, муну менен Бишкек 2 миллион киши жашаган шаар болорун билдирди.

16:38 16.12.2023

Садыр Жапаров Элдик курултайдын катышуучуларынан желекти өзгөртүүгө уруксат сурады. Ал Казакстандын Астана шаарын Назарбаев парламенттен уруксат сурап курганын мисалга тартып, желекти бир аз оңдоого уруксат сурады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG