Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30
Жогорку Кеңештин курултайга келген депутаттары. 15-декабрь, 2023-жыл.
Жогорку Кеңештин курултайга келген депутаттары. 15-декабрь, 2023-жыл.

Курултай: Туунун тагдыры, абактан кайрылуу, кадр саясатына сын

15-16-декабрда Бишкекте 2-Элдик курултай өттү. Курултайдын биринчи күнү 75 делегат сөз сүйлөдү. Ал биринчи жолу 2022-жылы 25-26-ноябрда өткөн.

15-16-декабрда Бишкекте 2-Элдик курултай өтүп жатат. Курултайдын биринчи күнү 75 делегат сөз сүйлөдү. Ал биринчи жолу 2022-жылы 25-26-ноябрда өткөн. 2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Конституцияга Элдик курултай институту киргизилген. Кийин мыйзам кабыл алынган. Айрымдар парламент турганда Курултай институту кереги жок экенин айтып келишет.

16:34 15.12.2023

15:13 15.12.2023

Элдик курултайда делегат бийликте кадр туруксуздугу болуп жатканын көтөрдү

15-декабрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда делегат, саясат таануучу Табылды Акеров Кыргызстандагы кадр саясатын сындады. Ал кадр саясатында туруктуулук болбой жатканын айтты.

“Конституцияда премьер-министрдин кызматы унутта калган. Акылбек Жапаров баарын аткарып жатканы менен колу көп нерсеге жетпей жатат деп ойлойм. Кадр саясатында көп чабалдыктар кетип жатат. Мамлекет өзүнүн милдетин так аткара албай жатат. Мисалы, билим берүү жана илим министри 7-8 жолу алмашты. Акимдер катар-катары менен үч айга жетпей жумушунан алынып жатат. Бул чабалдыкты көрсөтөт”, - деди Акеров.

14:26 15.12.2023

Президент Садыр Жапаров Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу келерки жылы башталарын 15-декабрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда билдирди.

14:25 15.12.2023

15-декабрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда тууну өзгөртүү тууралуу мыйзам долбооруна байланыштуу маселе көтөрүлдү. Баткен шаарынан келген делегат Жумабек Абдипатта уулу коомчулукта тууну өзгөртүү демилгеси боюнча кызуу талкуу уланып жатканын, президент Садыр Жапаров бул боюнча өз позициясын билдирүүсү керек экенин айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG