Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:10

Чет жакка чыгууга тыюу салынган орусиялыктар паспортун тапшырышы керек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда 11-декабрдан тарта күчүнө кирген мыйзамга ылайык, Орусиядан чыгууга тыюу салынган жарандар беш күндүн ичинде паспортторун тапшырышы керек. Бул эреже армияга чакырылгандарга да тийиштүү. Өкмөттүн токтомуна ылайык, жарандар паспортту документти берген же чет жакка чыгууга тыюу салган мекемеге тапшырышы зарыл.

Убагында тапшырылбаган паспорт жараксыз деп эсептелет жана аны тийиштүү кызматкерлер чек арадан алып коюшу мүмкүн.

Орусияда июнь айында мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, аскерге чакырылгандарга дагы өлкөдөн чыгууга тыюу салынат. Аскерге чакыруу жолдонуп, бирдиктүү реестрге киргизилген күндөн тарта жарандын чет жакка чыгууга укугу жок.

Паспортту армиядан кайткандан кийин кайтарып алса болот.

Расмий маалыматтарга караганда, учурда Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттардын саны 1 миллиондон ашуун. Алардын тең жарымына жакыны орус жарандыгын алган.

XS
SM
MD
LG