Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:58

Финкөзөмөл транспортту камсыздандыруу мыйзамын жылдыруу тууралуу маалымат берди


Кыргызстандагы автотранспорттор. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы автотранспорттор. Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы (Финкөзөмөл) азыркы мыйзамга жана токтомдорго ылайык, авто транспортторду милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирерин ырастады.

Аталган мекемеден “Азаттыкка” билдиришкендей, ошол эле маалда машинелерди камсыздандырууну жарым жылга артка жылдыруу сунушу бар. Ал кабыл алынар-алынбасы азырынча белгисиз.

Өзгөртүү кабыл алынбай калса, жарандардын баары жаңы жылдан тартып машинелерине камсыздандыруу полисин алышы керек. Антпегендерге айыппул салына баштайт.

Экономика жана коммерция министрлиги авто транспортторду милдеттүү камсыздандырууну 2024-жылдын 1-июлуна чейин жылдырып турууну сунуштаган. Тиешелүү токтом долбоору Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына 27-ноябрда жарыяланган.

Сунушталган долбоордо жаңы жылдан тартып Кыргызстанда соода ишмердүүлүгүн жүргүзгөн субъекттерге патенттик система жоюлуп, атайын салыктык режимдерге өтүп жаткандыгы жана коммуналдык кызматтарга тарифтердин жогорулап жаткандыгы баяндалат. Алар менен чогуу автокамсыздандырууну милдеттүү киргизүү калк үчүн кошумча финансылык жүк жаратып, коомдо терс кабыл алынышы мүмкүндүгү белгиленген. Ошондон улам Экономика жана коммерция министрлиги айдоочулардын автотранспорттук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну артыраак жылдырып турууну демилгелеген.

Кыргызстанда автоунаага милдеттүү түрдө камсыздандыруу эрежесин киргизүү аракети бир нече жылдан бери көрүлүп келет. Улам-улам жылдырылып келатып, 2023-жылдын 1-январынан күчүнө кирмек болгон. Өкмөт анда да жылдырып, 2024-жылдын 1-январына чейин калтырган болчу.

Ошол эле маалда Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк жарандар жана чет элдик ишканалар үчүн автоунааны милдеттүү камсыздандыруу 2023-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирген. Башка мамлекеттерде катталган автотранспорт каражаттарынын ээлери жана (же) айдоочулары, юридикалык жактардын, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигинде же ээлигинде турган автотранспорт каражаттары да быйыл апрелден тартып машинесин милдеттүү түрдө камсыздандыра баштаган.

Эгер мыйзам толук күчүнө кирсе камсыздандыруу полисин албаган катардагы айдоочуларга 3 миң сом, мекемелерге 13 миң сом айып пул салынат.

Бийлик бул автокырсыкка учурап, жабыркаган тарап тарткан зыяндын ордун толтуруу, машине ээлеринин кызыкчылыктарын коргоо үчүн керек экенин билдирип келет.

Мамлекеттик каржылык көзөмөл мекемеси камсыздандыруу полисинин баштапкы баасы 1680 сом экенин, баа машиненин түрүнө, айдоочунун жаш курагы менен тажрыйбасына жана ал жол кырсыктарына канчалык көп учураганына жараша өзгөрүп турарын билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG