Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:21

Казакстан: камактагы кыргыз ишкери Маркабаевдин жакындары акцияга чыкты


Кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаевдин бошотулушун талап кылып акцияга чыккандар. 11-декабрь, Астана.
Кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаевдин бошотулушун талап кылып акцияга чыккандар. 11-декабрь, Астана.

Алматыдагы “Алтын ордо” базарынын жетекчисинин мурдагы орун басары, камактагы кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаевди бошотууну талап кылган жакындары жана кесиптештери 10-декабрда Астанада митингге чыгышты. Алар Маркабаевге каршы козголгон кылмыш иши “ойдон токулган” деп эсептешет.

Катуу суукка карабай Астана циркинин алдында өткөн акцияга кыркка жакын адам катышты. Алардын теңи Алматы менен Кыргызстандан барышкан.

"Тергөө да, сот да бир тараптуу болуп жатат" деген Маркабаевдин туугандары президент Касым-Жомарт Токаевден көмөк сурашты. Митингге чыгууга акимчилик уруксат берген. Эрмек Маркабаев быйыл 2-июнда кармалган. Ага маңзат, курал-жабдык жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз алып жүргөн деген айып тагылган.

“Алтын Ордо” базарын бир топ жыл мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин бир тууган иниси Болотко тиешелүү компаниялар башкарып келген. 2022-жылкы Январь окуясынан кийин президент Токаев бул базарды иретке келтирүү тууралуу атайын тапшырма берген соң, кожоюндары алмашкан. Ошондон бери базардын айланасындагы чуу басылбай келет. Мурдагы ээлери азыркыларын "базарды рейдерлик жол менен басып алды" деп айыптаган.

Маркабаевдин маселеси сентябрда Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. 22-августта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ишкердин укугун коргоо аракети көрүлүп жатканын, иликтөөдө эл аралык укуктук ченемдердин сакталышын камсыз кылуу өтүнүчү менен Казакстандын тийиштүү органдарына эки жолу нота жөнөтүлгөнүн маалымдаган.

Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов Маркабаевге жолугуп чыкканын, ал базарды тартып алуу аракети жүрүп жатканын айтып бергенин, анын ишинде бир топ күмөндүү жагдайлар бар экенин “Азаттыкка” билдирген.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG