Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:35

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт


Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 10-декабрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5;

Талас жергесинде түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…-7;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн --14…-19, күндүз -6…-11 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9°, күндүз -2…-4° болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

XS
SM
MD
LG