Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:09

Кундуз Жолдубаева милицияда сурак берип чыкты


Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

7-декабрда КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүндө бир саат сурак берип чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жолдубаева айтты.

Анын сөзүнө караганда, “Арча медиа” YouTube каналында чыккан “Матраимов, Көлбаев мафиясы менен кайсы чиновник жана депутаттардын байланышы бар?” деген аталыштагы эфирге байланыштуу сурак берди. Буга Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова бул эфирде анын беделине шек келтирилгени тууралуу 17-ноябрда ички иштер министри Улан Ниязбековго жазган арызы негиз болгон.

“Эфирде Надира Нарматованын беделине шек келе тургандай сөз айтылган эмес. Милиция мени тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында суракка алганын билдирди. Бул арызды ИИМ тергебей сотто каралышы керек болчу. Анткени бул жарандык иш да”, - деди Кундуз Жолдубаева.

Ал берүүгө конок катары катышкан “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун журналисти Махабат Тажыбек кызы да суракка чакырылган. Ал чет жакта жүргөндүктөн суракка барган эмес.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул окуя тууралуу комментарий бере элек.

Сөз болуп жаткан эфир “Матраимов, Көлбаев мафиясы менен кайсы чиновниктер жана депутаттардын байланышы бар?” деген темада болуп, анда Кундуз Жолдубаева алып баруучу катары журналист Махабат Тажыбек кызы менен маектешкен. Анда маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар делген саясатчылар, мамлекеттик кызматкерлер жөнүндө сөз кылышкан. Программада Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын да аты аталган.

Надира Нарматова “Азаттыкка” бул тууралуу эч нерсе билбей турганын айткан.

Депутат Нарматова коомчулукта “чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорунун автору. Долбоор 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. Бул боюнча бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар кыргыз бийлигине кайрылуу жолдоп, мыйзам кабыл алынса, сөз эркиндигине жана бейөкмөт уюмдардын ишмердигине коркунуч жаратарын эскертип келет. Демилгечи депутат Нарматова мындай сындарды четке каккан.

“Адилет” укуктук клиникасы Нарматованын мыйзам долбоорун иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG