Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:31

УКМК Чүйдө он киши уюшкан кылмыш тобунан баш тартканын билдирди


УКМК тараткан сүрөт, коллаж.
УКМК тараткан сүрөт, коллаж.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Чүй облусунда жашаган, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү катары милициянын каттоосунда турган жарандар менен профилактикалык сүйлөшүү өткөрүлгөнүн 7-декабрда билдирди. Атайын кызмат сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында он киши уюшкан кылмыштуу топтордон, криминалдык идеялардан баш тартканын белгилеп, алардын тизмесин жарыялады.

Ал тизмеде Азиз Батукаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү – Израил Исхаков (“Борода”), Мирза Хутаев (“Мирза”), Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү – Адилет Койчалиев (“Короб”), Өмүрбек Кулгелдиев (“Омка”), Нургазы Нусупов (“Ипи”), Рустам Рысалиев (“Чумик”), Нурбек Шаршенбаев (“Бапай”, “Дан-дан”), Бакытбек Апышев (“Баха Точка”), Мирлан Бөрүбаев (“Мики боксер”), Зыпар Өмүракунов (“Зыпа”) бар.

УКМК учурда мамлекеттик кызмат адамдарынын уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү менен байланыштарын аныктоо жана бөгөт коюу иштери жүрүп жатканын, криминалдык топтордун жер боюнча алдамчылыкка катышы такталып жатканын кошумчалады.

Атайын кызмат буга чейин октябрдын башында Баткен облусундагы бир катар кишилерди кылмыштуу топтордон жана ар кандай мыйзамсыз аракеттерден баш тарттыруу боюнча иштер жүргөнүн билдирген.

"Кримтөбөл" деп таанылган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

9-октябрда атайын кызмат аны менен байланышта болгон 40тан ашуун адам кылмыштуу топтун мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 млрд долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

УКМК көп өтпөй 225тен ашык мамлекеттик кызматкердин уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бардыгы аныкталганын маалымдаган.

Алардын ичинен 133 кызматкер Камчы Көлбаев менен, 92 адам Райымбек Матраимов менен жашыруун байланышта иштешкени аныкталып, алардын жетимиштен ашыгы кызматтан алынган. Атайын кызматтан маалыматына ылайык, бажы кызматында 85 кызматкердин уюшкан кылмыштуу топко байланышы аныкталып, 50 чактысы кызматтан кетирилген.

XS
SM
MD
LG