Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:23

Активист Зарина Төрөкулованын соту 14-декабрда уланат


Активист Зарина Төрөкулова Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда. 29-ноябрь, 2023-жыл.
Активист Зарина Төрөкулова Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда. 29-ноябрь, 2023-жыл.

7-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жарандык активист Зарина Төрөкулованын иши боюнча соттук отурум өтүп, кийинкиси 14-декабрда уланмай болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын адвокаты Кантемир Турдалиев билдирди.

"Бүгүнкү отурумда бир эксперт суралды, экинчисине убакыт жетпей калды. Күбө катары суралчу абакта жаткан адам сотко алып келинген жок. Бөгөт чарасын өзгөртүп берүүнү сурансак, убакыт бүттү деп жыйынтыктап койду", - деди Турдалиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Зарина Төрөкулова “жапырт башаламандыкка” шек саналып камалганын 11-сентябрда билдирген. Активистке социалдык тармактардагы “чагымчыл” билдирүүлөрүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” деген беренеси боюнча айып коюлган.

Ал Фейсбукка бөлүшкөн маалыматы үчүн айыпталып жатканын, ал эми посттун автору камакта жаткан адам экенин адвокаты Кантемир Турдалиев айткан. Активист коюлган айыптарды “саясий буюртма” деп атаган.

Төрөкулова социалдык тармактарда бийликтин айрым иштерин сындаган билдирүүлөрдү жазып турган. Анын кайсы посттору “жапырт башаламандыктарга үндөгөнү” так айтылган эмес.

Ал буга чейин “Улуу журт” жана “Күч биримдикте” партиялары менен Бишкек шаардык кеңешине шайлоого талапкер болуп катышкан. (MKt)

XS
SM
MD
LG