Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

Херсондо орус аскерлеринин аткылоосунан эки киши мерт кетти


Херсон шаары соккудан кийин. Украина, 3-декабрь, 2023-жыл
Херсон шаары соккудан кийин. Украина, 3-декабрь, 2023-жыл

Украинанын Херсон шаарында орус аскерлеринин аткылоосунан кеминде эки киши мерт кеткенин, үчөө жараланганын шейшембиде бийлик өкүлдөрү билдиришти. Маалыматка караганда, саат 9 чамасында болгон сокку 48 жаштагы эркек кишинин жана тек-жайы аныктала элек аялдын өмүрүн кыйды.

Аймактык прокуратура соккуларга байланыштуу "согуш кылмышы" беренеси менен иш ачты.

Украина президентинин администрация башчысы Андрей Ермак Телеграм-каналына эки сөөк жаткан жердин сүрөттөрүн жарыялап, “террористтер” деген сөз айтты.

Херсондун мэри Роман Мрочконун айтымында, 5-декабрда шаардын дагы бир жеринде медициналык жай артиллериядан аткыланганда эки дарыгер жараат алды.

Бул тууралуу маалымат тараткан Reuters кабар агенттиги ошол окуялардын чоо-жайын бышыктай албасын жазды.

Орусиянын армиясы былтыр Херсон шаарынан Днепр дарыясынын башка жээгине чегингенден кийин калааны такай аткылап келет.

XS
SM
MD
LG