Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:20

Акылбек Жапаров эсеп-фактура колдонбоо экспортко терс таасир этип жатканын билдирди


Акылбек Жапаров/
Акылбек Жапаров/

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров базарларда иштеген соодагерлердин кассалык-көзөмөл машинанын ишке киришине нааразылыгы тууралуу “Азаттыкка” комментарий берди. Ал “ишкерлерге ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн, бардык соодагерден эле салык алуу максаты жок экенин” билдирди.

“8 миллион сомго чейин бир тыйын да төлөбөгүлө. ККМ коюп, товарды каяктан алганыңар боюнча электрондук эсеп-фактурасын берип койгула деп жатабыз. Товарлар Кыргызстандан башка жакка чыгып кетип жатса, реэкспорт үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп бердик. Эгер ал товар өлкө аймагында калса, салык төлөнүшү керек. Биз салыкты орто жана ири бизнестерден алалы деп жатабыз. Биз муну былтыр киргизмекпиз. Бирок президент Садыр Нургожоевич тапшырма берип, даярдык көрүү үчүн мөөнөт бердик. Бул жаңы жылдан баштап ишке кирип жатат”, - деди Жапаров.

Ал Борбор Азияда электрондук эсеп-фактурасы жана коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) колдонулбаган Кыргызстан жалгыз экенин айтып, мындай жагдай товарларды экспорттоого кедергисин тийгизип жатканын белгиледи.

Жапаров ККМ аппараттарын жана электрондук эсеп-фактураларын берүү процессин жеңилдете турганын, эки аптанын ичинде эрежелер каралып чыгарын кошумчалады.

Соңку аптада Бишкектеги жана өлкө аймагындагы бир катар базарлардын соодагерлери ККМ колдонууга каршы экенин айтып, нааразылык акцияларына чыгып жатышат.

29-30-ноябрда Оштогу Кара-Суу жана Бишкектеги “Дордой”, “Мадина”, Орто-Сай базары, 1-декабрда борбордогу “Аламүдүн” жана Оштогу, Таластагы, Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы базарлардын сатуучулары митингге чыгышкан. 2-декабрда ушундай эле талап менен Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан “Кудайберген” базарынын соодагерлери да акция өткөрүшкөн.

Бул окуялардан кийин президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразылыкты иликтөө үчүн жумушчу комиссия түздү.

Кыргызстанда базарларда соода-сатык менен алектенгендер 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМди милдеттүү түрдө колдонушу керек. Ишкерлер ККМдин түйшүгү көп экенин билдирип ага каршы чыгууда. Бийлик бул система кирсе көмүскө экономиканын үлүшү азая турганын билдирип келет.

  • ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектелген, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ.

XS
SM
MD
LG