Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Пентагон: Кызыл деңизде АКШнын кемелерине кол салынды


"Карни" эсминеци. Иллюстрациялык сүрөт.
"Карни" эсминеци. Иллюстрациялык сүрөт.

Жекшембиде Американын "Карни" эсминеци жана бир нече жарандык кеме Кызыл деңизде чабуулга кабылды. Бул тууралуу АКШнын Коргоо министрлиги кабарлады. Маалыматта ким кол салганы жана андан кемелер кандай жабыркаганы тууралуу айтылган жок.

ABC News телекомпаниясы АКШ администрациясындагы булагына шилтеме кылып, "Карни" эсминеци кеминде эки дронду жок кылганын маалымдады.

Кызыл деңиздин Инди океаны менен бириккен жериндеги Баб-эл-Мандеб кысыгында соода кемеси жекшемби күнү учкучсуз учактардын чабуулуна кабылганын Британиянын деңиз соода агенттиги да кабарлады. Бул кысык аркылуу Индия жана Перс булуңундагы өлкөлөр менен Европанын ортосунда жүк ташылат.

Кечирээк Йемендин бир бөлүгүн көзөмөлдөп турган хуситтердин "Ансар Алла" тобу Кызыл деңизде Израилдин кемелерине кол салышканын маалымдады. Алар кемелердин бирине баллистикалык ракета атылганын, дагы бирине дрондор менен чабуул коюлганын билдиришти. АКШнын "Карни" эсминецине жасалган чабуул тууралуу сөз жок.

Хуситтер буга чейин да Кызыл деңизде жана Баб-эл-Мандеб кысыгында кемелерге кол салышкан. Алар Израилдин жана анын союздаштарынын кемелерине кол салуу менен Израилга каршы согушуп жатканын билдиришүүдө.

Азырынча чабуулга кабылган кемелердин Израилге байланышы бардыгы белгисиз. Reuters өз булактарына шилтеме кылып кабарлагандай, чабуулдан Британиянын эки соода кемеси жабыркаган. Маалымат расмий ырастала элек жана жабыркаган адамдар тууралуу да кабар жок.

Ноябрда хуситтер Кызыл деңизде израилдик ишкерге таандык соода кемесин басып алышкан. Алар ошондой эле Израилдин аймагын баллистикалык ракеталар менен аткылашкан. Ракеталарды асманда жок кылууга "Карни" эсминеци да катышкан.

Хуситтердин 3-декабрдагы кол салуусу Газа тилкесинде Израил менен ХАМАС (АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал тобунун согушу кайра уланган учурга туш келди.

Тараптардын ок атууну токтотуу боюнча дээрлик бир жумага созулган гуманитардык тыныгуусу 1-декабрда аягына чыккан. Макулдашуу тартиби бузулганына тараптар бири-бирин күнөөлөшкөн.
Эл аралык уюмдар жана лидерлер согуштун жанданышын айыпташкан.

XS
SM
MD
LG