Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

Бишкекте тууну өзгөртүүгө каршы жарандар автожүрүшкө чогулуп жатат


Тууну өзгөртүүгө каршы автожүрүшкө чогулгандар.
Тууну өзгөртүүгө каршы автожүрүшкө чогулгандар.

Бишкек шаарындагы 7-кичи районунда, Аалы Токомбаев көчөсүндө тууну өзгөртүүгө каршы жарандар автожүрүш өткөрүү үчүн чогулуп жатат.

"Азаттыктын" кабарчысынын билдиришинче, ал жерге бир канча машина менен милиция кызматкерлери барды. Ички иштер министрлигинин дагы бир канча кызматкери жарандык кийим менен жүрөт.

Мунун алдында, 2-декабрда жарандык активист Автандил Жоробеков "Туудан колуңду тарт" акциясына байланыштуу милицияда үч саат сүйлөшүүдө болгонун, андан кийин Улуттук коопсуздук комитетинде дагы сурак берип чыкканын билдирген.

Күч органдары Жоробековдун суракка чакырылышына байланыштуу маалымат бере элек.

Мэриянын басма сөз кызматы шаар бийлигине 3-декабрда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы автожүрүш өтөрү тууралуу маалымдама келип түшпөгөнүн маалымдаган. Ошол эле маалда Октябрь районунда тынч жыйындарга чогулуу, митинг өткөрүүгө тыюу салынганын эскерткен.

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында желекти өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. Документке 66 депутат “макул”, сегиз эл өкүлү “каршы” добуш берген. Президент Садыр Жапаров буга чейин “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген.

Социалдык тармактын колдонуучулары мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбооруна каршы флешмоб өткөрүп, “Желегимди жерибе!”, “Желекке тийбе!”, "Туудан колуңду тарт!" деген постторду жарыялап, президент Садыр Жапаровдун Фейсбуктагы расмий баракчасынын алдына да пикирлерин жазып жатат.

XS
SM
MD
LG