Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:16

Тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист Афтандил Жоробеков милицияга чакырылды


Афтандил Жоробеков.
Афтандил Жоробеков.

Жарандык активист Афтандил Жоробеков 2-декабрь күнү саат 17:00го Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына (РИИБ) суракка чакырылганы тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Активист маалымдагандай, аны милиция 3-декабрга болжолдонгон "Туудан колуңду тарт" акциясына байланыштуу сүйлөшүүгө чакырган.


"Элдин 99% тууну өзгөртүүгө каршы. Аягына чейин турам. Мага Ош, Жалал-Абад, Каракол жана башка шаарлардан мекендештерибиз жазып, тууну өзгөртүүгө каршы митингге чыгууга даяр экенин билдирип жатышат", - деп жазган активист.

Жоробеков Кыргызстандын мамлекеттик туусун өзгөртүүгө каршы негизги митинг 9-декабрга белгиленгенин, ал эми 3-декабрда ага даярдык катары автожүрүш болорун бир күн мурда Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Ушу тапта активист менен байланышууга мүмкүн болбой турат. Милиция маалыматты ырастай элек.

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында желекти өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документке 66 депутат “макул”, сегиз эл өкүлү “каршы” добуш берген.

Президент Садыр Жапаров буга чейин “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген.


Социалдык тармактын колдонуучулары мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбооруна каршы флешмоб өткөрүп, “Желегимди жерибе”, “Желекке тийбе”, "Туудан колуңду тарт" деген постторду жарыялап, президент Садыр Жапаровдун Фейсбуктагы расмий баракчасынын алдына да пикирлерин жазышууда.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG