Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:07

Бишкекте Жаңы жылдык салют атылбайт


Жаңы жылдык салют. Бишкек. (архив)
Жаңы жылдык салют. Бишкек. (архив)

Бишкек мэриясы быйыл Ала-Тоо аянтындагы Жаңы жылдык майрамда түстүү фейерверктер - салют атылбай турганын билдирди.

Мэриянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта, калаа башчылыгы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин сунушун колдойт.

Мэрия буга чейин эле келе жаткан 2024-жылды тосуу майрамдык программасына салют атуу киргизилбегенин кошумчалады.

Мурдараак “МувГрин” экологиялык кыймылынын мүчөлөрү Бишкек мэриясына кайрылып, Жаңы жылдык фейерверктен баш тартууга чакырган.

  • 2021-2022-жылдары жаңы жыл майрамында салют атылган эмес. 2022-жылы мэрия экологиялык абалдын начарлашына байланыштуу Жаңы жылдык салюттан баш тарткан.
  • 2021-жылды тосууда коранавирус инфекциясынан улам өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу чыгымдарды кыскартуу максатында фейерверк атпоо чечими кабыл алынган.
  • 2023-жылды тосуп алууда майрамдык салютка 755 миң сом сарпталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG