Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:38

Зеленский контрчабуулдун натыйжасына канааттанбаганын моюнуна алды


Владимир Зеленский аскер башчылары менен. Харьков. 30-ноябрь, 2023-жыл.
Владимир Зеленский аскер башчылары менен. Харьков. 30-ноябрь, 2023-жыл.

Украин президенти Владимир Зеленский аскерлеринин жайындагы контрчабуулу Киев күткөндөй жыйынтык бербегенин моюнга алды. Зеленский муну союздаштарынан зарыл курал-жарактарды албаганына байланыштырды.

Украин президенти бул тууралуу Associated Press агенттигине курган маегинде билдирди.

"Биз ыкчам натыйжа болсо деп каалаганбыз. Бул жагынан караганда биз күткөндөй жыйынтык болгон жок. Бул факт", - деген Зеленский ошол эле учурда бул Киев капитуляцияга барууга түрткү боло албасын белгиледи. "Биз өзүбүздүн ишибизге ишенебиз жана өзүбүзгө таандык жер үчүн күрөшүп жатабыз", - деди ал.

Зеленский согуштун жаңы фазасы алдыда экенин, кышында согуш фронтто гана эмес, шаарларда да жүрө турганын белгиледи. "Душмандын шаарларга карай дрон, ракеталар, анын ичинде баллистикалык ракеталар менен чабуулдары күч алат", - деди ал.

Украин лидери дүйнө коомчулугунун көңүлү Жакынкы Чыгышка бурулганын белгилеп, ошол эле учурда Украинада Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки ири, глобалдуу согуш жүрүп жатканын унутпоого чакырды.

Мурдараак украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный Economist журналына маек куруп жатып, Орусия менен согуш "туюктукка кептелгенин", чабуулдар позициялык согушка айланып, узак жылдарга созулуу коркунучу бар экенин айткан. Зеленский кийинчерээк анын сөзүн жокко чыгарган.

Октябрь айында АКШ президенти Жо Байден Украинага коргонуу үчүн берилүүчү 105 млрд долларлык жардамды бөлүүсүн сурап Конгресске кайрылган. Анын ичинен 61,4 млрд доллар Украинага, 14,3 млрд доллар Израилге. Конгресс анын сунушун колдой элек.

Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел быйыл жазда үч баскычтуу планын жарыялаган. Ага ылайык, Евробиримдик Украинаны 12 ай ичинде адегенде учурдагы запастар аркылуу, андан кийин биргелешкен сатып алуу келишимдери жана өндүрүштү көбөйтүү аркылуу бир миллион артиллериялык курал менен камсыздашы керек болчу. Жыл аягына жакын Еврошаркет ага жетише албай турганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG