Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:32

Кыргызстандын тигүү тармагында 160 миңге чамалуу киши иштейт


Тигүү цехи. Бишкек. Август, 2023-жыл
Тигүү цехи. Бишкек. Август, 2023-жыл

Быйылкы жылдын он айына карата Кыргызстандагы тигүү тармагында иштеген адамдардын расмий саны 10 миңден ашты. Бул патент системасында иштеген жеңил өнөр жайчылар кошулбаган эсеп экенин экономика жана коммерция министринин орун басары Талант Карасартов Биринчи радиого курган маегинде билдирди.

Анын айтуусунда көз карандысыз статистика боюнча тигүү тармагында иштеген адамдардын саны 160 миңден ашуун. Бул өлкөнүн эмгекке жарамдуу калкынын 7% түзөт.

Жеңил өнөр жайы Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө салым кошкон беш тармактын бири. Жеңил өнөр жайчылар ассоциациясы билдиргендей, Кыргызстанда тигүү цехтери тармактын 70,6% ээлейт.

Расмий маалыматтар боюнча, тигүү өнөр жайы өндүргөн товар дээрлик 100% экспортко кетет.

Кыргызстандагы тигүү тармагынын кирешеси 2022-жылы 9 млрд 648 млн сомдон ашты. Бул мурдагы жылга караганда 2 млрд сомдон ашуун.(ZKo)

XS
SM
MD
LG